УКМКнын жана Чек ара кызматынын төрага орун басарлары алмашты

Президент Садыр Жапаровдун 22-ноябрдагы жарлыгы менен, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Чек ара кызматынын башчыларынын орун басарлары алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары жана атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору Жанибек Жоробаев кызматынан бошотулуп, ордуна Абдыкадыр Разаев дайындалды.

Абдыкадыр Разаев

Ал эми УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы штабдын башчысы Курсанбек Бекташов кызматынын алынып, анын ордуна Марат Маралбаев дайындалды.

Жоробаев, Разаев жана Бекташов

Жанибек Жоробаев бул кызматка 2021-жылдын апрель айында дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын май айынан сентябрга чейин «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Жоробаев 2015-жылга чейин Мамлекеттик салык кызматында бөлүм башчы, УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директорунун орун басары кызматтарын аркалаган.

ЖМКда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин өкүл баласы деп айтылып жүрөт.

Ал эми Абдыкадыр Разаев буга чейин УКМКнын тергөө бөлүмүндө, андан кийин атайын кызматтын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Бекташов үстүбуздөгү жылдын октябрь айында «пара алууга» шектелип УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Анда Курсанбек Бекташовдон тышкары, Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Чынарбек Насиев жана «Достук — Автодорожный» өткөрмө пунктунун башчысы Аскарбек Эрмекбаев дагы кармалган.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, «Достук» өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери Чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу менен чек арадан өтүп жаткан адамдардан, негизинен Өзбекстандын жарандары менен оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан «опузалап акча жыйнашкан».

Учурда чек арачыларга карата «Пара алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүүлөр УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.