Видео: Ошто Чек ара кызматынын жетекчилери «пара алууга» шектелип кармалды

УКМКнын Чек ара кызматынын бир катар жетекчилери «пара алууга» шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 20-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары Курсанбек Бекташевди, Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Чынарбек Насиевди жана «Достук — Автодорожный» өткөрмө пунктунун башчысы Аскарбек Эрмекбаевди кармады.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, «Достук» өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери Чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу менен чек арадан өтүп жаткан адамдардан, негизинен Өзбекстандын жарандары менен оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан «опузалап акча жыйнашкан».

Учурда чек арачыларга карата «Пара алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүүлөр УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында атайын кызмат Ош эл аралык аэропортунда иштеген чек арачыларды «чет өлкөлүктөрдөн акча опузалаган» деген шек менен кармаган. Бул иш боюнча 20 чек арачы текшерилип жатат.

Чет өлкөлүктөрдөн акча опузалоо

Буга чейин Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары Ош облусундагы көзөмөл өткөрмө пункттарында «акча опузалоо» болуп жатканын айтып даттанышкан.

Алгач укук коргоочу Валентина Чупик Оштун аэропортуна келген тажикстандыктар «орой мамилеге» кабылып, күч органдары алардан акча опузалап жатканын билдирген. Бул айыптоолор кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин айтылган.

Кийинчерээк Исраил аттуу өзбекстандык блогер Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, Ош облусундагы «Достук» өткөрмө бекетиндеги чек арачылар Өзбекстандын жарандарынан акча алып жатканын кабарлаган. Блогердин айтымында, чек арачылар ар бир адамдан 50 миң сум (дээрлик 400 сом) талап кылышат.

УКМКнын Чек ара кызматы эки билдирүүнү тең четке каккан.

Ал эми Оштогу чек ара көзөмөл пункттарында коррупция тууралуу биринчилерден болуп маркум Талгат Аланов айтып чыккан — ал Чек ара кызматынын офицери, подполковник болгон.

Аланов 2019-жылдын ноябрь айында маалымат жыйын куруп, «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактылары болгонун жана кызмат орундар акчага сатылаарын билдирген.

Офицер бул билдирүүдөн кийин басымга кабылганын айтып, кийинчерээк «коррупцияга тиешеси бар» делген беш чек арачы аны сотко берген. Ошол эле учурда Аланов маалымат жыйында айткан фактылар боюнча Ош гарнизондук Аскер прокуатурасына арыз менен кайрылган.

Кийинчерээк Алановдун арызынын негизинде козголгон кылмыш иши Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүнө алынганы белгилүү болгон.

Талгат Аланов 2020-жылдын июль айында жүрөгү токтоп каза болгон. Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов маркумдун үй-бүлөсүнө батир берилерин убадалаган.