Бишкекте ок чыгарган 19 жаштагы бала кармалды

Ленин РИИБнин басма сөз кызматы 24-ноябрда Бишкекте тапанчадан асманга ок чыгарган 19 жаштагы бала кармалганын билдирди.

Сүрөт: Ленин РИИБтин басма сөз кызматы

Милициянын маалыматы боюнча, окуя 12-ноябрга караган түнү Чүй жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Милиция фактыны «Калктуу пунктта ок чыгаруу» беренеси менен каттоого алды.

Социалдык тармакта жарыяланган видеодо ок чыгарган жигит адатта коопсуздук кызматтарынын кызматкерлери кийген аскер формасында болгонун көрүүгө болот.

Издөө учурунда милиция шектүүнү кармап, Ленин РИИБне жеткирди. Бул иш боюнча тергөө уланууда.