Өмүрбек Текебаев: Биз Садыр Жапаровго оппозициябыз, бирок анын душманы эмеспиз

«Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев учурда өлкөдө «жеке бийлик, өзүм билем саясий системасы орногонун» 24-ноябрда КТРКдагы дебаттарда билдирди. Ошондой эле саясатчы «Ата Мекен» партиясы учурдагы бийликке оппозиция жана «альтернативдик күч» болгонун белгиледи.

«Биз Садыр Жапаровго оппозициябыз, бирок анын душманы эмеспиз. Кыргызда “дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” дейт. Бүгүн “сүйдүрүп айткандар” президенттин жанында, чындыкты айткандар душман болуп жарыяланды. Садыр Жапаров саясий оппоненттерине эле эмес, кыштын суугуна үшүгөнүнөн, кымбат баанын азабынан бүгүнкү кырдаалга нааразы болгон жөнөкөй адамдардын баарын өзүнүн душманы деп жарыялады. Бул туура эмес. Президент — Конституциянын, элдин биримдигин гаранты», — деди Текебаев.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Чүй облусундагы бир нече жаңы конуштардын тургундары менен жолугушуп, анда чогулгандардын бири өлкө башчынын «душмандары көп» болгонун айткан. Ал эми Жапаров анын «душмандары бийликте гана эмес, элдин арасында да бар» деп билдирген.

«Жогоруда аксакал душманың көп деп айтты. Алар бийликте гана эмес, эл арасында дагы бар. Буга бир мисал — көмүр маселеси. Биз бир ай бою бааны төмөндөткүлө деп сурандык. Бир машинадан 10-15 миң сом таза пайда көрсө болот. Жок, алар миң долларлык пайдага кызыгып туруп алышты. Мындан улам бийлик ишти колго алып, көмүрдү үч миң сомго түшүрдү. Алар эми ишсиз калды. Мындай дагы боло берет», — деген президент.

КТРКда 24-ноябрда парламенттик шайлоого аттанган партиялардын арасында дебаттар өтүүдө. Дебатка «Күчтүү региондон» Данияр Астаров, «Ордо» партиясынан Мирбек Мияров, «Ата Мекенден» Өмүрбек Текебаев жана «Ыйман Нурудан» Нуржигит Кадырбеков катышууда.