«Мугалимдерди чогултуп, үгүттөп жүрөт». Дамира Ниязалиеванын үстүнөн арыз түштү

Дамира Ниязалиева Кош-Дөбө айылында. Сүрөт талапкердин фейсбук баракчасынан алынды

Нарын облусундагы №32 Кочкор бир мандаттуу шайлоо округунан парламент депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын үгүт иш-чарасына «мектеп мугалимдери катышып жатат» деген маалыматты ИИМ текшерет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын даттанууларды каттоо реестрине жазылды.

БШКга арыз берген жарандын айтымында, Ниязалиеванын үгүт иш-чарасына Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы мектептин кызматкерлери катышкан. Ошондой эле, арыз жазган жаран талапкердин үгүт иштери боюнча координатору Гүлзина Касымова мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болгонун кошумчалаган.

Ниязалиева Кош-Дөбө айылынын тургундары менен 14-ноябрда жолуккан. Иш-чара учурунда тартылган сүрөттөрдө талапкердин атрибутикасы түшүрүлгөн моюн орогуч тагынган аялдарды көрүүгө болот. Алардын арасында мектеп директорунун орун басары болушу ыктымал.

Дамира Ниязалиева 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2010-жылды апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөт бийликке келгенде Саламаттык сактоо министринин милдетин аткарган. Ошол эле жылы ал КСДП партиясынан парламенттин депутаты болуп шайланган.

2014-2016-жылдары Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Ниязалиева вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ал эми 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Ниязалиева «Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.