«Түндүк электр» ишканасына Нурдин Осмонов жетекчи болуп дайындалды

«Түндүк электр» ишканасынын басма сөз кызматы 24-ноябрда компанияда жетекичи алмашканын билдирди. Компаниянын директору болуп Нурдин Осмонов дайындалды. Ал эми мурдагы жетекчиси Азамат Кожомкулов «өз каалоосу менен» ээлеген кызматынан кеткен.

Кожомкулов «Түндүк электрдин» төрагасы болуп 2021-жылдын августунда дайындалган. Анда ал директорлор кеңешинини чечими боюнча кызматтан алынган Улан Астаркуловдун ордуна келгени кабарланган.

«Түндүк электрдин» жаңы төрагасы тууралуу эмне белгилүү?

Нурдин Осмонов. Сүрөт: «Түндүк электр»

Ачык булактарда Нурдин Осмонов тууралуу маалымат деле жок. Бирок, БШКнын маалыматы боюнча, Нурдин Осмонов 2021-жылдын апрелинде Талас шаардык кеңешине «Аманат» партиясынан талапкер болгон. Талапкер тууралуу кыскача маалымат бөлүгүндө ал 1998-жылдан бери «Түндүк электр» ААКында «кызматтын жетекчиси» болуп эмгектенип келгени айтылат.

Осмонов Талас шаардык кеңешинин депутаты да болгону белгилүү. БШКнын маалыматы боюнча, ал шаардык кеңешке 2011-жылы «Республика» партиясынын мүчөсү болуп турганда барган.

Астаркуловдун отставкасы

Астаркулов компаниянын жетекчилигине 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашкандан кийин келген. Анда аны бул орунга президенттин м.а Садыр Жапаров дайындаган. Ага чейин Астаркулов компаниянын директорлор кеңешининин курманына бекитилген. Астаркулов келгенге чейин «Түндүк электрди» Доскул Бекмурзаев жетектеп турган.

Бирок мындай чечим «Түндүкэлектронун» жамаатына жик салган: чечимге макул болбогон электр тармагынын кызматкерлери 2020-жылдын 30-октябрында нааразылык акциясына чыгып иш таштаган. Анда алар Астаркулов кызматка дайындалышы мыйзамсыз экенин айтып, кайра кароону талап кылышкан.

2-октябрда ишкананын кызматкерлери кайрадан митингге чыккан. Бул ирет кызматкерлердин бир бөлүгү мурдагыдай эле жаңы жетекчиликке каршы чыгып, жаңы жетекчисин энергетикадагы коррупциянын көрүнүшү деп айтып чыгышса, экинчи бөлүгү «мыйзамды колдоп», тагыраагы, Астаркуловдун дайындашын колдогон.

Кийинчерээк компания жаңы жетекчиликти колдоорун билдирген. Ал жакта тармак саясаттан тыш болушу керек деп эсептешет.