Улан Астаркулов «Түндүкэлектронун» директорлугунан бошотулду

«Түндүкэлектро» ишканасынын башкы директору Азамат Кожомкулов. Сүрөт: «Түндүкэлектронун» басма сөз кызматы

«Түндүкэлектро» компаниясынын басма сөз кызматы 18-августта ишканада башкы директор алмашканын кабарлады.

«Түндүкэлектро» ишканасынын жаңы директору болуп Азамат Кожомкулов дайындалды. Ал эми Улан Астаркулов директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын жетекчилигинен алынды.

Астаркулов компаниянын жетекчилик кызматына 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин келген. Анда аны бул кызматка президенттин милдетин аткарып турган Садыр Жапаров дайындаган. Ага чейин Астаркуловду компаниянын директорлор кеңеши жактырган. Астаркуловго чейин «Түндүкэлектрону» Доскул Бекмурзаев башкарган.

Бирок мындай чечим «Түндүкэлектронун» жамаатына жик салган: чечимге макул болбогон электр тармагынын кызматкерлери 2020-жылдын 30-октябрында нааразылык акциясына чыгып иш таштаган. Анда алар Астаркулов кызматка дайындалышы мыйзамсыз экенин айтып, кайра кароону талап кылышкан.

2-октябрда ишкананын кызматкерлери кайрадан митингге чыккан. Бул ирет кызматкерлердин бир бөлүгү мурдагыдай эле жаңы жетекчиликке каршы чыгып, жаңы жетекчисин энергетикадагы коррупциянын көрүнүшү деп айтып чыгышса, экинчи бөлүгү «мыйзамды колдоп», тагыраагы, Астаркуловдун дайындашын колдогон.

Ал эми компаниянын өзүндө болсо жаңы жетекчиликти колдоорун билдиришкен. Ал жакта калктын жыргалчылыгы үчүн тармак саясаттан тыш болушу керек деп эсептешет.

Улан Астаркулов деген ким?

Астаркуловдун толук өмүр баяны ачык маалымат булактарында жок. Анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат Юстиция министрлигинин базасында дагы жок. Бирок Астаркулов буга чейин бир жылдан ашык «Түндүкэлектр» ишканасынын коммерциялык директору катары иштегени белгилүү. Ал эми 2017-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылдык кеңешинин башчысы болгон.

Кожомкулов тууралуу эмне белгилүү?

«Түндүкэлектронун» башчылыгына келгенге чейин Азамат Кожомкулов «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын башчысы болуп эмгектенген. Андан мурда 2011-жылы «Түндүкэлектронун» коммерциялык директору болгон. Анын бул кызматка келишине башкы директор менен коммерциялык директорго карата укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери башталганы түрткү болгон.