Бишкек: «Түндүкэлектрдин» кызматкерлери эки митингге чыкты

Өкмөт үйүнүн алдында «Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлери митингге чыкты. Энергетиктерди митингге чыгууга жетекчиликтин алмашусу аргасыз кылган: өткөн аптада президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Доскул Бекмурзаевдин одуна жаңы башкы директор кылып Улан Астаркуловду жактырган.

Буга чейин Астаркуловдун талапкерлигин «Түндүкэлектр» ишканасынын директорлор кеңеши жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун өкүлдөрү жактырышкан. Бул чечимден улам жамааттын ынтымагы ыдыраган: жаңы дайындалган жетекчиге каршы болгон электр тармагынын кызматкерлери менен жумушчулары 30-октябрда иш таштап, нааразылык акциясына чыккан. Митингге чыккандардын айтымында, Астаркуловдун дайындалышы мыйзамсыз, ал кайра каралууга тийиш.

2-октябрда ишкананын кызматкерлери кайрадан митингге чыкты. Бул ирет кызматкерлердин бир бөлүгү мурдагыдай эле жаңы жетекчиликке каршы чыкты. Алар жаңы жетекчисин энергетикадагы коррупциянын көрүнүшү деп эсептешет. Ал эми экинчи бөлүгү «мыйзамды колдоп», тагыраагы, Астаркуловдун дайындашын колдоп чыгышты.

Аткаминерлер эмне деп жатат?

Өкмөтүн үйүнүн алдында 30-октябрда өткөн митинг учурунда өкмөттүк аппараттын өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмү жаңы башкы директордун талапкерлигин макулдашпаганы белгилүү болгон. Бөлүмдүн өкүлү митингчилерге маселени «Түндүкэлектрдин», энергетиктер профсоюзунун жана маммүлк фондусунун өкүлдөрү кирген комиссиянын жардамы менен чечип, ага чейин техникалык директор дайындай турууну сунуштаган. Бирок андай болгон эмес.

Митингчилер менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлү жолугуп, кызматтан бошотуу жана жаңы дайындоолор боюнча чечим Садыр Жапаров менен талкууланганын жана «Түндүкэлектр» ишканасынын мурдагы башчысы Доскул Бекмурзаев кызматтан бошотулганы боюнча сотко кайрылууга акылуу экенин айткан.

«Түндүкэлектрде» эмне деп жатышат?

Электр бөлүштүрүү коммпаниясында жаңы жетекчиликти колдошот. Ал жакта калктын жыргылы үчүн тармак саясаттан тыш болушу керек деп эсептешет.

«Бүгүнкү күндө компанияда 3000ден ашуун кызматкер эмгектенет. Митингге катышкандардын саны жалпы кызматкерлердин 2%ын гана түзөт жана алар калган 98%дын оюн билдире албайт. Бөлүштүрүү ишканасынын негизги максаты — калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо. Энергетика саясаттан тышкары бойдон калышы керек, мындай митингдер электр жабдыктарын күз-кыш мезгилине даярдоого терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп билдиришти ведомствонун басма сөз кызматынан.

Доскул Бекмурзаев деген ким?

Доскул Бекмурзаев директорлор кеңешинин чечими менен 2020-жылдын сентябрынын башында «Түндүкэлектрдын» башкы директору болуп дайындалган. Ага чейинки директор Искендер Кадыркулов арыз жазып, компаниядан кеткен.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Бекмурзаев «Талас облустук кыргыз күрөшү федерациясы» коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал ошондой эле «Ошэлектро» компаниясынын тең түзүүчү акционерлеринин бири болуп эсептелет.

Улан Астаркулов деген ким?

Астаркуловдун толук өмүр баяны ачык маалымат булактарында жок. Анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат Юстиция министрлигинин базасында дагы жок. Бирок Астаркулов буга чейин бир жылдан ашык «Түндүкэлектр» ишканасынын коммерциялык директору катары иштегени белгилүү. Ал эми 2017-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылдык кеңешинин башчысы болгон.