Экономика министрлиги: 1-январдан тартып бизнести пландык текшерүү жанданат

Ишкерлерди пландуу текшерүүгө 2019-жылы киргизилген мораторий узартылбайт. Бул 2022-жылдын 1-январынан тарта бизнести текшерүү башталат дегенди билдирет. Бул тууралуу kaktus.media Экономика жана коммерция министрлигине таянып жазды.

Мекемеден белгилешкендей, бизнес өкүлдөрү мораторийди алып салууга каршы эмес.

«Мораторийди узартуу маселеси каралган жок, себеп дегенде аны 2018-жылдан [ошол кезде киргизилген] бери эки жолу узартышкан. Мындан ары узартуунун кажети жок. Бизнес өзү суранып жатат, себеп дегенде пландык текшерүүлөр аларга жакшы таасир этет. Эгерде бизнестин кемчиликтери болсо, көзөмөл органдары аларга кемчиликтерди жоюуга жазуу түрүндө эскертүү беришет, ал эми пландан тышкаркы текшерүүлөрдө аларга дароо штраф салынат. Бизнес-план боюнча бизнес нөлгө чыгып, киреше ала башташы үчүн үч жыл жетиштүү», — деди лицензиялык-уруксат берүүчү ишмердигин жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Искендер Нурбеков.

Ким текшерет?

  • Бизнести төмөнкү мамлекеттик органдар текшерет:
  • монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
  • отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги;
  • финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
  • Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;
  • мамлекеттик экотехинспекция;
  • баалуу металлдар департаменти;
  • Дары-дармек менен камсыз кылуу мамлекеттик департаменти;
  • Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти;
  • айыл чарба министрлигин этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы;
  • минкаб тарабынан белгиленген социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу маморган.

Бирок текшерүүчү маморгандардын тизмеси көбөйөт — учурда бул боюнча мыйзам долбоору каралууда.

Текшерүүгө карата мораторий

Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта ишкердикти текшерүүгө мораторий кирген болчу. Алгач ал эки жылга эсептелген, бирок кийин 2020-жылдын декабрында пандемиядан улам 2022-жылга чейин узартылган.

Бирок, ишкерлер жана бизнес ассоциациялары текшерүүлөр бейрасмий түрдө улантылып жатканын бир нече жолу билдиришкен.

Мындан улам үстүбүздөгү жылдын мартында президент Садыр Жапаров «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ал жарлыкта президент укук коргоо органдарынан бизнести текшерүүгө киргизилген мораторийди сактоону талап кылган.

Жарлыкта ал бизнесмендер укук коргоо органдарынын текшерүү учурундагы мыйзамсыз аракеттерине датттанышкандыктан кабыл алынганы айтылган.

Тема боюнча:

ИИМ бизнести текшере ала турган органдардын тизмесинен чыгарылды