ИИМ «Ыйман Нурунун» үгүтчүлөрүн добуш сатып алууга айыптады. Партия муну четке кагууда

ИИМдин басма сөз кызматы Ош ШИИБи «Ыйман Нуру» партиясынын үгүтчүлөрүн добуш сатып алып жатканда кармаганын маалымдады. Бирок партия кармалган кишилердин аларга тиешеси жоктугун айтат.

Министрликтин маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери 24-ноябрда Ош шаарынын 39 жаштагы тургунун (М.И.) шайлоочулардын добушун сатып алып жаткан учурда кармашкан. Ал өзүн аталган партиянын үгүтчүсүмүн деп тааныштырган.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Ошондой эле ал сурак маалында келишимдин негизинде иштеп жүргөнүн жана 22-ноябрда штаб жетекчиси Алмагүл ага добуш сатып алуу үчүн 40 миң сом бергенин айткан.

«Ал 24-ноябрда Ош шаарынын Латипжанов көчөсүндө жашаган шайлоочуларга акча таркатып берип жатканда кармалып калганын тастыктаган. Ошондой эле далил катары М.И. башкарып жүргөн “ДЭУ-МАТИЗ” унаасынан 20 даана 500 сомдук, бир даана 50 сомдук жана бир даана 20 сомдук купюрадагы акча каражаты, төрт даана “Ыйман Нуру” саясий партиясына таандык үгүт баракчалары далил зат катарында алынган», — дешти ИИМден.

Ош ШИИБи жогорудагы үгүтчүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде «Ыйман Нурунун» дагы эки үгүтчүсүн кармаган. Алар Т.Д. жана У.Н. инициалдары менен берилди. Үгүтчүлөр штаб башчысынан добуш сатып алуу үчүн маяна катары 10 миң сом алганын билдиришкен.

Андан соң милиционерлер штаб жетекчиси 49 жаштагы А.А атту жаран экенин аныкташкан. Ал өз көрсөтмөсүндө ар бир шайлоочунун добушуна деп «1000 сомдон акча берилгенин» тастыктаган.

ИИМдин маалыматына ылайык, М.И. жана Т.Д Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алардын үстүнөн «Добуш сатып алуу» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Милициядан окуяга катыштыгы бар башка кишилерди аныктоо боюнча иш-чаралар уланып жатканын кошумчалашты.

«Ыйман Нуру» партиясы эмне дейт?

«Ыйман Нуру» партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Урмат Мергеналиев «Клоопко» кармалган адамдардын партияга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

«Бизге ИИМден кат келди, аны менен таанышып жооп бердик. Кармалган адамдардын биздин партияга тиешеси жок. Маалыматта айтылып жаткан дарек боюнча биздин партиянын штабы жок. Ошто биздин бир гана штабыбыз бар. Бизге тиешеси жок адамдардын кармалып жатканы бизге да кызык болуп жатат», — деди ал.

Мергеналиев «Ыйман Нуру» партиясы жети облус боюнча бирден гана штаб ачканын, алардын башчысы Мирлан Бекитаев экенин кошумчалады.

Нуржигит Кадырбеков.

Ал эми «Ыйман Нуру» партиясынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков 24-ноябрда КТРКда өткөн партия лидерленинин дебатында алардын партиясы штаб ачпаганын жана үгүтчүлөрдү жалдабаганын билдирген.

«Биз штабдарды ачкан жокпуз. Партия сөзсүз түрдө штаб ачышы керек деген талап жок. Каражатыбыз деле чектелүү. Экинчиден, агитаторлорду алган жокпуз. Бир үгүтчүң 15 миң экен, 100дү жалдасаң 1,5 миллион, патент менен налогун кошкондо 2 миллион. 1000ди жалдасаң 15-20 миллион, кайдан табабыз андай акчаны?» — деген ал.

Шайлоо-2021

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Өлкө боюнча партиялардын жана бир мандаттуу округдардан жалпы — 1300дөн ашык талапкер ат салышууда. Шайлоого 21 саясий партия катышып жатат.