Орусиялык белгилүү блогер кыргызстандык таксистке жаңы унаа белек кылды

Орусиялык белгилүү блогер Гусейн Гасанов Москва шаарында аны акысыз жеткирип койгон кыргызстандык таксистке «Киа Рио» үлгүсүндөгү жаңы унаа белек кылды. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына видео жарыялагандан кийин белгилүү болду.

Алгач блогер ким аны бекер жеткирип коюуга макул болсо ага унаа белек кыларын айткан. Ал таксилерди токтотуп кыйын кырдаалга туш болгонун айтып, бирок капчыгын унутуп койгондуктан акысыз жеткирүүнү суранган. Анткен менен көптөгөн айдоочулар суранычты аткаруудан баш тартышкан.

Аягында Гасанов кыргыз таксистти токтоткон. Ал таксистке акчасы жок экинин айтып, бир адреске житкирип коюуну суранган, айдоочу дароо макул болгон. Жолдо баратып, блогер айдоочудан үй-бүлөсү тууралуу жана алдыдагы максаттары тууралуу сураган.

Айдоочу Кыргызстандын жараны экенин айтып, такси кылып үй-бүлөсүн багып жатканын билдирген. Ошондой эле, ал кызынын бир кулагына операция жасатуу керектигин белгилеген.

Мындан сырткары, айдоочу блогерге алдыдагы максаттарын айтып берген. Анда, ал биринчи кезекте карыздарын төлөп, өзүнө бир аз акча топтоп, андан соң Кыргызстанга кетерин айткан.

Айдоочу жерине жеткиргенден кийин блогер ага алар «КИАнын» авто салонунун жанында турушканын айтып, бул жерге эмне үчүн келдик деп ойлойсуң деп суроо узаткан. Кыргызстандык «билбейм балдар» деп жооп берген.

Гасанов болсо «сен башкаларга жакшылык кылганың үчүн сага жаңы унаа сатып беребиз» деп, чогуу авто салонго киришкен. Андан кийин айдоочуга ижарага алып минип жүргөн унаасынын жаңысын белек кылышкан. Ал толкунданып үй-бүлөсүнө чалган. Кызы менен сүйлөшүп жатып жашыган.