«Жанар Акаев сизди алдап кеттиби?» Өмүрбек Текебаевдин жообу

Өмүрбек Текебаев / Жанар Акаев

«Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев КТРКда 24-ноябрда өткөн дебатта депутат Жанар Акаев шайлоого башка партия менен бара жатса да «пикирибиз бир» деди.

Дебаттын үчүнчү раундунда шайлоочулардын бири Текебаевге «Эмне үчүн бул шайлоодо Жанар башка партия менен бара жатат? Ал сизди алдап кеттиби же сиз аны кошпой койдуңузбу?» деп суроо берди.

«Эми бул суроо Жанар Акаевге, анын мотивдерин мен билбеймин. Кайсы жерде жүрсө дагы пикирибиз бир. Эгер парламентке өтүп калса ал жерде бизде жалпы позициябыз болот», — деди Текебаев.

*2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Жанар Акаев «Ата Мекенди» баштап барган. Бирок бул жылы ал «Альянс» партиясы менен катышууда.

Анткен менен Өмүрбек Текебаев «Ата Мекендин» мурдагы тарапташтарынын бири да оппозициялык партияга өткөн жок деп белгиледи. Ал баары оппозицияда болууга чыдай бербейт деди.

«Биз 2015-жылы бийлик партиясы болчук. “Итибиз чөп жеп турган”, азыр оппозициялык партиябыз. Бүгүн-эртең кетип кала турган эмес, 11 жылга президент боло турган Садыр Жапаровго келишкиз оппозицияга чыктык. Баары буга чыдай бербейт. Сиз “кетип калды деген” адамдарды карасаңыз — баары бийликчил же ортомчул партияларга кошулду», — деди Текебаев.

Учурда Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынан 11 депутат бар — анын сегизи кайрадан шайлоого аттанууда. Бирок «Ата Мекен» партиясы менен кайрадан шайлоого бир гана Наталья Никитенко катышууда.

Ал эми Айсулуу Мамашова, Сайдулла Нышанов «Альянс», Бурул Аманова, Нурбек Сыдыгалиев «Ишеним», Эмил Токтошев «Бүтүн Кыргызстан» менен катышууда. Ошондой эле Шайлообек Атазов жана Каныбек Иманалиев бир мандаттуу округдардан талапкер болушту.