Аламүдүн округунан талапкердин үгүтчүсү добуш сатып алууга шектелип кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн шайлоо округунан депутаттыкка талапкердин үгүтчүсү добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 26-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, күч органдарына «Жаңыл» жана «Эрлан» атуу эки үгүтчү шайлоочуларга 1 000 сомдон таратып жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Ал эми 25-ноябрда милиция кызматкерлери Жаш Гвардия жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде 56 жаштагы үгүтчүнү шайлоочуга 5 000 сом акча берип жаткан жеринен кармаган.

Шектүү сурак учурунда Аламүдүн шайлоо округунан парламент депутаттыгына талапкер менен расмий келишим түзүп, патент алып үгүтчү болуп иштеп жатканын айтып берген. Ошондой эле, 40ка жакын үгүтчүлөрдү иштетип, аларга 255 миң сом каражатты бөлүп бергенин билдирген. Шектүүнүн жанынан 51 500 сом өлчөмүндө акча табылган.

Аламүдүн РИИБси «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин баштап, үгүтчүнү убактылуу кармоочу жайга киргизди.

ИИМ добуш сатып алууга шектелген адам кайсы талапкердин үгүтчүсү экенин ачыктаган жок. Бирок милиция кызматынын басма сөз кызматы тараткан сүрөттөрдө №25 Аламүдүн шайлоо округунан талапкер Болотбек Бегалиевдин брошюраларын көрүүгө болот. Бегалиев бюллетенде 2чи орунда турат.

Болотбек Бегалиев деген ким?

60 жаштагы Болотбек Бегалиев Москвадагы тамак-аш, өнөр жай технология институтун бүтүргөн. Ал Бишкектеги «Берекет» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы.

Бегалиев 2015-жылы «Республика – Ата-Журт» партиясы менены парламенттик шайлоого барган. Ал эми 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо «Биримдик» партиясынын тизмесинде болгон.

Боршайком 28-октябрда Бегалиевге мөөнөтүнөн мурда үгүт ишин жүргүзгөнү үчүн жазуу түрүндө эскертүү берген.