Коронавирустан үч адам каза болуп, 74 жаңы учур катталды

26-ноябрга карата Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, коронавирустан үч адам каза болуп, 109 бейтап айыгып чыкты. Ал эми акыркы суткада 74 жаңы учур катталды

  • Бишкек шаары — 27;
  • Чүй облусу — 16;
  • Ысык-Көл облусу — 10;
  • Баткен облусу — 8;
  • Жалал-Абад облусу — 5;
  • Ош облусу — 5;
  • Талас облусу — 3.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 183 140га жетти. Ал эми өлкө боюнча 177 869 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2737 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 440 бейтап, ал эми үй шартында 557 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 26-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны биринчи дозасын 5049 адам, ал эми экинчи дозасын 5676 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.