Садыр Жапаров: MegaCom’до кирешеден 1 млрд сому «желип турган»

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлк фондун сынга алып, буга чейин мамлекеттик MegaCom компаниясында кирешеден түшкөн 1 млрд сом «желип турган» деп билдирди.

Жапаровдун айтымында, 2021-жылдын башында ал MegaCom’дун жетекчилигин алмаштырып, компаниянын кирешесин 1,5 млрд сомго жеткирүү тапшырмасын берген. Эгер андай болбосо кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын айткан.

«Мурдагы жылдары 2-3 млрд сом таза киреше берип жатса, эки-үч жылдан бери 500-600 млн сомго түшүп калган. Тарифтер, абоненттерге ошондой эле», — деп билдирди Жапаров.

Ошондой эле ал, учурда компания 1,5 млрд сом таза киреше бергенин кошумчалады.

«1 млрд сом каякка кетип жүргөн? Өзүңөр ойлонуп көргүлө. Былтыр болгону 1,5 млрдга чейин салык төккөн. Быйыл 3 млрд салык төгүп, 1,5 млрд сом таза киреше таап атат. Мурда 1,5 млрд салык төккөн, салыктан да, таза кирешеден да 1 млрдын жеп жүргөн», — деп айтты президент.

Мындан сырткары, Жапаров Мамлекеттик мүлк фондуна карамагындагы мүлктөрүн учётко алуусун тапшырды. Президенттин айтымында, фонддо мамлекеттин менчигинде канча мүлк бар экени тууралуу так маалымат жок.

«Андан сырткары, бюджеттин аткарылышы боюнча дагы өтө чоң кемчиликтер бар экен. Биздин мамлекеттик мүлктү ай сайын, керек болсо жума сайын отчётун алып, текшерип турушубуз керек. Кандай иштер жүрүп жатат, кайсыл багытта бара жатат, канча киреше тапты, ушул сыяктуу маселелерди керек болсо күнүгө алып турсак болот», — деп кошумчалады ал.

MegaCom байланыш оператору Кыргызстанда 2006-жылы иштеп баштаган. 2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликке келген убактылуу өкмөт өзүнүн декрети аркылуу компаниянын 49% акциясын улутташтырган.

Төрт жылдан кийин «Мегаком» толугу менен мамлекеттин менчигине өткөн. Бирок өлкө бийлиги компанияны же анын үлүшүн сатуу боюнча ондогон аракеттерди кылган.

Бийликтин MegaCom’ду сатуу ниетин акыркы жолу 2021-жылдын июлунда депутат Дастан Бекешев маалымдаган. Бирок депутат мамкомпанины сатууга президент Садыр Жапаровдун үзөңгүлөшү, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев каршы чыкканын кошумчалаган.