COVID-19: Акыркы суткада үч адам каза болуп, 67 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 27-ноябрга карата коронавирустун 67 жаңы учуру катталып, үч бейтап каза болду. Ал эми илдеттен 91 адам айыкты.

  • Бишкек шаарында — 21;
  • Ысык-Көл облусунда — 11;
  • Чүй облусунда — 10;
  • Жалал-Абад облусунда — 10;
  • Баткен облусунда — 8;
  • Ош облусунда — 4;
  • Талас облусунда — 3.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 207ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 177 960 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 740 адам көз жумду.

Учурда 418 бейтап ооруканада, ал эми 552 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 27-ноябрга карата 11 358 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 5 153 адам биринчи дозасын, ал эми 6 205 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.