Алайда жараксыз бюллетендер кара жашикке батпай АСУ иштен чыкты

Ош облусунун Алай районундагы №5011 шайлоо участкасында автоматташтырылган эсептөөчү урнанын жараксыз бюллетендер түшчү кара жашиги толуп калып, эки жолу АСУнун иши үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу аталган участкадагы байкоочу Сыягүл Караман маалымдады.

«Кара жашик дагы толуп калып, жараксыз бюллетендер чыгарылды. Партиялардын 46 добушу өлдү деген сөз [...] Эртеден бери экинчи ирет. Биринчисин да чыгаргам. Башка участоктордогу партиялык АСУлар да ушинтип "чайналып" жатабы?» — деп жазды ал.

Сыягүл Карман жарыялаган видеодо комиссия мүчөлөрү эсептөөчү урнанын ичиндеги кара кутуну ачып, бюллетендерди сыртка чыгарып жатышканын көрүүгө болот.

№5011 шайлоо тилкесиндеги комиссия мүчөлөрүнүн бири «брак» бюллетендер урнага батпай калганын айтты.

«Биз азыр протокол түзүп, урнаны ачабыз. Бюллетендерди баштыкка салып, сейфке салабыз. Кийин чек чыккандан кийин салыштырып, жалпы эсепти чыгарабыз», —деди ал.

Кандай учурда бюллетень жараксыз деп саналат?

БШК билдиргендей, шайлоочуларга эки бюллетень берилет — бирөөндө партияга жана анын талапкерине, экинчисинде — сиз жашаган аймактагы бир мандаттуу округдан ат салышып жаткан талапкерге добуш берүү керек.

Эгерде шайлоочу партия үчүн гана добуш берип, шайлагысы келген талапкеринин жанына белги (чымчыкча) койбой койсо, анда добуш партиянын гана пайдасына эсептелет. Белги коюлбаган ушундай бюллетендер же белгилер керектүүдөн да көп болсо, анда алар өзүнчө эсептелип, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет. Бюллетень УШК мүчөлөрүнүн бардыгынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен гана жараксыз деп табылышы мүмкүн.

Эгер шайлоочу бир нече талапкерге добуш берип же бир да жерге белги койбой койсо бюллетень жараксыз деп саналат.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат. Жаңы Конституция боюнча депутаттардын саны 90го чейин азайды.

Тема боюнча:

Шайлоо 2021. Бюллетендер кандай болот жана кантип добуш берүү керек?