Хабаровск шаарында шайлоо жыйынтыкталды. «Ата Мекен» алдыда

Орусиянын Хабаровск шаарындагы №9021 участогунда бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо жыйынтыкталды. Маалыматка ылайык, «Ата Мекен» партиясы алдыда.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча чекти Super.kg маалымат порталы жарыялады.

№9021 участкасынын чеги. Сүрөт: Super.kg

Чектеги маалыматка ылайык, добуш берүүгө 111 адам катышкан. Анын ичинен 23 киши «Ата Мекен» партиясын шайлаган. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы — 22 жана «Ыйман Нуру» — 18 добуш менен алдыңкы үчтүккө кирди. Ал эми эки адам «Баарына каршы» добуш берди.

  • «Ынтымак» — 8;
  • «Ишеним» — 8;
  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 8;
  • «Альянс» — 4;
  • «Улуу Журт» — 4;
  • «Азаттык» — 3;
  • «Улуттар Биримдиги» — 3;
  • «Эл үмүтү» — 3;
  • «Мекенчил эл» — 2;
  • «Кыргызстан Жашылдар партиясы» — 1;
  • «Кыргызстанды Өнүктүрүүчү Патриоттук партиясы» — 1.

Буга чейин Орусиянын Түштүк-Сахалин жана Владивосток шаарларында дагы шайлоо жыйынтыкталып, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы алдыга чыккан.

Чет өлкөлөрдө жалпысынан 59 шайлоо участкасы ачылган. Өлкө сыртында шайлагандар бир мандаттуу округ боюнча добуш бере албайт.

Бүгүн, 28-ноябрда өлкө боюнча 2 435 шайлоо участкасында парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Шайлоого 21 партиядан 1 002 адам, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 киши талапкер болду.

Тема боюнча:

Түштүк-Сахалинде шайлоо жыйынтыкталды. «Бүтүн Кыргызстан» алдыда

Владивостокто шайлоо жыйынтыкталды. «Бүтүн Кыргызстан», «Ынтымак», «Ишеним» алдыда