Владивостокто шайлоо жыйынтыкталды. «Бүтүн Кыргызстан», «Ынтымак», «Ишеним» алдыда

Орусиянын Владивосток шаарындагы №9004 участогунда бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо жыйынтыкталды. Маалыматка ылайык, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы алдыда.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча чекти Фейсбук колдонуучусу Мирбек Мунарбек уулу жарыялады.

№9004 участкасынын чеги. Мирбек Муратбек уулунун Фейсбук барагы.

Чектеги маалыматка ылайык, добуш берүүгө 134 адам катышкан. Анын ичинен 54 киши «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлаган. Алдыңкы үчтүккө «Ынтымак» партиясы — 16 жана «Ишеним» — 11 кирди. Ал эми эки адам «Баарына каршы» добуш берди.

  • «Ыйман Нуру» — 8;
  • «Ата-Мекен» — 5;
  • «Эл үмүтү» — 5;
  • «Азаттык» — 5;
  • «Альянс» — 4;
  • «Социал-Демократтар» — 4;
  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 4;
  • «Мекенчил эл» — 4;
  • «Улуттар Биримдиги» — 2;
  • «Багыт» — 2;
  • «Ордо» — 1;
  • «Күчтүү регион» — 1;
  • «Кыргызстанды Өнүктүрүүчү Патриоттук партиясы» — 1;

Буга чейин Орусиянын Түштүк-Сахалин шаарындагы №9013 участогунда да шайлоо жыйынтыкталып, алдын-ала маалыматтар боюнча «Бүтүн Кыргызстан» партиясы алдыга чыккан.

Чет өлкөлөрдө жалпысынан 59 шайлоо участкасы ачылган. Өлкө сыртында шайлагандар бир мандаттуу округ боюнча добуш бере албайт.

Бүгүн, 28-ноябрда өлкө боюнча 2 435 шайлоо участкасында парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Шайлоого 21 партиядан 1 002 адам, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 киши талапкер болду.

Тема боюнча:

Түштүк-Сахалинде шайлоо жыйынтыкталды. «Бүтүн Кыргызстан» алдыда

Шайлоо-2021. Биринчилерден болуп Түштүк Сахалиндеги шайлоочулар добуш берди