Коронавирустан бир адам каза болуп, 41 жаңы учур катталды

Өлкөдө 28-ноябрга карата Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, коронавирустан бир адам каза болуп, 88 бейтап айыгып чыкты. Ал эми акыркы суткада 41 жаңы учур катталды.

  • Бишкек шаары — 16;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Баткен облусу — 8;
  • Ош облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Чүй облусу — 2;
  • Ош шаары —1;
  • Талас облусу — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 183 248ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 178 048 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2741 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 427 бейтап, ал эми үй шартында 495 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 28-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны биринчи дозасын 3436 адам, ал эми экинчи дозасын 3802 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.