Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак» алдыда

Жогорку Кеңешке алдын ала жыйынтык боюнча өткөн партиялар

Борбордук шайлоо комиссиясы АСУдагы бюллетендердин 96%ын эсептеп бүттү. Алдын ала жыйынтык боюнча 5 пайыздык босогодон алты партия өттү. Ал эми шайлоочулардын эң көп добушуна төмөнкү үч партия ээ болду — «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним» жана «Ынтымак».

Алдын ала жыйынтык боюнча добуштардын бөлүштүрүлүшү:

  • «Ата Мекен» — 3,32%;
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 6,55%;
  • «Альянс» — 8,00%;
  • «Легалайз» — 0,60%;
  • «Ыйман Нуру» —5,90%;
  • «Күчтүү регион» — 0,59%;
  • «Багыт» — 0,95%;
  • «Ынтымак» — 10,53%;
  • «Ишеним» — 13,09%;
  • «Азаттык» — 3,85%;
  • «Мекенчил эл» — 1,51%;
  • «Жашылдар» — 0,39%;
  • «Жашасын Кыргызстан» — 0,43%;
  • «Социал-Демократтар» — 3,04%;
  • «Аруузат-Эл куту» — 0,43%;
  • «Кыргызстанды Өнүктүрүүчү Патриоттук партиясы» — 0,93%;
  • «Улуттар Биримдиги» — 2,39%;
  • «Эл үмүтү» — 4,32%;
  • «Ордо» — 0,45%;
  • «Улуу Журт» — 0,69%;
  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 16,23%.

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланышты. Бул деген шайлоочу партияны жана анын тизмесиндеги белгилүү бир талапкерди тандап алып, эң көп добуш алган талапкер парламентке өтө алат.

Шайлоого 21 партиядан 1 002 адам, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 киши талапкер болду.

Жалпысынан Кыргызстандын бирдиктүү шайлоо округу боюнча 3 млн 703 миң 420 шайлоочу катталды — алар партияга добуш бере ала турган шайлоочулар. Ал эми бир мандаттуу округдардан шайлоочулардын саны 3 млн 621 миң 751ди түздү. БШК мындай айырма чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар бир мандаттуу округдардан талапкерлерди шайлай албайт деп түшүндүрдү.

БШКнын маалыматына караганда, саат 18:00го карата шайлоочулардын 28,36 пайызы добуш берди.