Шайлоо 2021: Саат 18:00гө карата шайлоочулардын 28%ы добуш берди

Бүгүн 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Бул кайра шайлоо, себеби өткөн жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары элдин нааразылыгынан улам жокко чыккан. Саат 18:00гө карата добуш берүү көрсөткүчү араң 28%дан өттү. 

Бул шайлоо өлкөдө жаңы система менен өтүп жатат: шайлоочулар депутаттардын партиялык тизмесине жана бир мандаттуу округдар боюнча көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш берип жатышат. Жалпысынан парламентке 90 депутат келет: 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланса, ал эми 36 эл өкүлү мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдардан шайланат.

Партиялык тизме боюнча добуш бергендердин саны саат 18:00гө карата 28,36%ды түздү, өткөн жылы ушул эле убакта 45%дан ашык добуш беришкен.

Биздин график партиялык тизме боюнча добуш бергендердин санын (пайыздар жана сандарда) көрсөтүп, улам жаңыртылып турат.

Бир мандаттуу округдар боюнча добуш берүүгө келгендердин саны 28,66%ды түздү.

Материалдын авторлору: Сайдиманова Жасмина, Саадат Төлөгөнова, Екатерина Резникова

ТЕМА БОЮНЧА:

Шайлоо 2021. Бюллетендер кандай болот жана кантип добуш берүү керек?