«Камактагылар мусапыр болушат». Жапаров эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы барагына 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо эмне себептен камактагы Равшан Жээнбековго добуш бергенин түшүндүрдү. Саясатчы Бишкектин Ленин районунда бир мандаттуу округдан талапкер болчу.

Жапаровдун айтымында, айрым «достору» добушун Жээнбековго бергенине таарынышкан. Бирок президент өзү Жээнбеков өз округунан утуп чыкса, камактан чыгар беле деп ойлогонун айткан.

«Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу анысына карабай мусаапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин ахыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышам деп арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким өтүп кетсе, камактан чыгып калар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок. Кудай өзү көрүп турат. Саясатташтырбагыла. Антип менин бюллетенимди журналисттер сүрөткө тартып аларын билгенимде сагыраак болмок экем», — деп жазды ал.

Садыр Жапаров добуш берип жатат. Сүрөт: Президенттин Фейсбуктагы расмий барагы

Жапаров Жээнбековдун күнөөсү бар же жогун сот чечерин белгилеп, «алардын ишине кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок» деп билдирди.

«Мындан ары система анан мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүшүбүз керек», — дели президент.

Камактагы талапкер

Равшан Жээнбеков — парламенттин экс-депутаты. Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда ал оппозицияда болгон. Бирок мурдагы президент куугунтукка алына баштаганда аны колдоп чыккан. Ал Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясы штурмга алынганда аны колдоп барып, натыйжада өзү да камакка алынган. Учурда ал Кой-Таш окуясына байланыштуу иштин фигуранты.

Равшан Жээнбеков.

Ал 2019-жылдын декабрь айында кармалган, бирок 2020-жылдын октябрындагы митингде ал дагы башка саясатчылардай эле бошотулган. Кийин сот аны үй камагына чыгарган.

Август айында Жээнбеков Атамбаевдин резиденциясын басып алуу боюнча иште үй камактын эрежесин бузганы үчүн кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-августта экс-депутат Равшан Жээнбековду ТИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган. Саясатчы өзүнө тагылган айыптоолорду бир канча ирет «саясий куугунтук» деп атаган.

Тергөө абагында отуруп саясатчы депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн. БШКга документ тапшырып, бир мандаттуу округ боюнча ат салышуу укугуна сот аркылуу ээ болгон. 12-октябрда конвойдун коштоосунда Боршайкомго алып келинген. Кийин БШК аны бир манданттуу округдун талапкерик атары каттоого алган, бирок сот аны шайлоого катышып жаткандыгына байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартып, камакта калтырган.

Жээнбековдун адвокаттары кардарынын укуктары бузулуп жатканын да бир нече жолу айтышкан. Мисалы, алар Жээнбековго башка талапкерлердей болуп шайлоочулар менен жолугушуп, дебаттарга катышууга шарт түзүлбөй жатканын айтышкан.Ал тургай Жээнбековдун тарапташтары митингге да чыгып, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын отставкасын талап кылышкан. Ал эми Боршайком сотко Жээнбековдун маселесинде эмне кылыш керектиги боюнча көрсөтмө бере албасын айткан, себеби ал шайлоо белгиленгенге чейин эле айыпталуучу макамында болгон.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы

БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча, АСУдагы маалыматтардын 97%ы саналгандан кийин Равшан Жээнбеков шайлоочулардын 10 пайыз добушуна ээ болгону. Бишкектин Ленин округу боюнча Бишкек шаардык кеңештин экс-спикери Жаныбек Абиров 30%дан ашык добуш менен алдыда келе жатат.

БШКнын алдын ала жыйынтыктарына ылайык, парламентке беш партия өтүшү мүмкүн: «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру».

Мыйзам боюнча, шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол санактан кийин чыгат. Азырынча добуштардын кол санагы бүтө элек.