Өлкөдө COVID-19дун 37 жаңы учуру катталып, эки бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда 29-ноябрга карата коронавирустун 37 жаңы учуру катталып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

  • Бишкек шаарында — 19;
  • Ысык-Көл облусунда — 6;
  • Чүй облусунда — 2;
  • Жалал-Абад облусунда — 3;
  • Баткен облусунда — 8;
  • Талас облусунда — 1 киши илдетти жуктуруп алды.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 285ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 178 112 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 743 адам көз жумду.

Учурда 430 бейтап ооруканада, ал эми 463 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.