Бишкек: Ак-Ордодо элди тапанча менен коркуткан шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда мончодо элди тапанча менен коркуткан киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, 29-ноябрда саат 21:10 чамасында милицияга Ак-Ордо конушунун Гагарин көчөсүндө жайгашкан мончолордун биринде белгисиз адам тургундарды тапанча менен коркутуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Элди тапанча менен коркуткан шектүү. Сүрөт: Милициянын кайгуул кызматы

Окуя боюнча 25 жаштагы И.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, болжол менен 25-30 жаштагы белгисиз адам тапанча менен атып салам деп коркутуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, аброюна шек келтиргенин билдирген.

Милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы Ж.А. аттуу жаранды кармаган. Ал Сокулук райондук милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилди.

Шектүүнүн үстүнөн «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Буга чейин, 24-ноябрда Бишкекте тапанчадан асманга ок чыгарган 19 жаштагы бала кармалган. Милиция окуя 12-ноябрга караган түнү Чүй жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирген. Милиция фактыны «Калктуу пунктта ок чыгаруу» беренеси менен каттоого алган.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ош шаарындагы Навои сейил багында 17 жаштагы тургунду тапанча менен коркутуп карактоого шектелип төрт киши кармалган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Бишкекте ок чыгарган 19 жаштагы бала кармалды

Ош: Өспүрүмдү тапанча менен коркутуп карактаган төрт шектүү кармалды