БШК сайттагы мүчүлүштүк «кызматкердин катасынан улам» болгонун билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санаткан сайттагы үзгүлтүк тууралуу түшүндүрмө берди. Ведомстводон мүчүлүштүк «кызматкердин катасынан улам болгон» деп билдиришти.

Маалыматка ылайык, Боршайкомдун адиси АСУдан алган маалыматтарды сайтка жарыялоодо санды «жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган».

«Бир нече убакыттан кийин БШКнын адиси маалыматтарды визуалдаштыруудагы формуланы оңдогон. Мында белгилей кетчү жагдай, АСУдагы жана негизги системадагы маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Аталган системанын иши үзгүлтүккө учурабайт, жаңылбайт. Бүгүн да так иштеп жатат. Бул жаңылыштык өтпөй калган эле партияларга эле эмес, бардыгына бирдей болгон», — дешти шайлоо комиссиясынан.

БШК түшүндүргөндөй, участкалар жабылып, АСУдан жыйынтыктоочу отчёт (чек) басылып чыккандан кийин, маалыматтар автоматтык түрдө серверге жөнөтүлөт. Ал эми сервер аны БШКнын Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына жарыялайт.

Шайлоо комиссиясынан «АСУ менен серверге эч ким кире албай турганын жана ага адам фактору аралаша албасын» белгилешти.

«Кирем десең да кире албайсың. Ал автоматташтырылган компьютер системасы. Адам фактору аралаша албайт. Сервер болгону добуштарды эсептеп чыгарып берет. Тагыраак айтканда шайлоо бүтөрү менен жыйынтыгын алдын ала чыгарып берүүчү гана ролду аткарат», — деп ишендирди алар.

Мындан сырткары, БШКдан акыркы жыйынтыктар добуштар кол менен эсептелип бүткөндөн кийин гана чыга турганын кошумчалашты. Ал эми кол менен эсептөөгө 2-3 күн кетет.

«Бирок ошондо да, сервер берген жыйынтык менен колго санаган жыйынтыктын ортосунда анча көп айырма чыкпайт. Себеби, АСУ (урна) жараксыз деп эсептеген бюллетендерди байкоочулар менен комиссия мүчөлөрү жарактуу деп эсептеген учурлар болот», — деп түшүндүрдү БШК.

Ошондой эле, шайлоо комиссиясы жашыра турган эч нерсе жок экенин айтышып, нааразы болгон тараптарды добуштарды кол менен саноого катышууга чакырып жатканын белгилешти.

«Бизде жашыруун эч нерсе жок. Ал эми БШК бюллетендерди түнү менен алмаштырат деп күмөн санап жаткан саясатчыларга айтаарыбыз: бизде жалпысынан Республика боюнча 31 000 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар. Алардын арасында сиздердин да өкүлдөрүңөр бар да. Анан элестетиңиздер, 31 000 адам менен бюллетендерди көтөрүп алып алмаштырып чуркап жүргөнүбүздү. Бул абсурд. Бири бирибизден күмөн санабай эле коёлу», — деп жазылат маалыматта.

БШК ар бир берилген добуш 100 пайыз шайлоочулардын өздөрүнө таандык экенин, алар аны «толук камсыз кыларын» кошумчалады.

БШКнын сайтынын үзгүлтүккө учурашы

Боршайкомдун базасы убактылуу иштебей калганга чейинки жана кийин добуштардын сан

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктагандан кийин БШКнын сайтында АСУдагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда үзгүлтүк орун алып, ал жерде болушу мүмкүн эмес сандар пайда болгон.

Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар тарабынан алынган добуштардын пайызы 150гө жетип жаткан, ал эми жеңген партиялардын пайызы — 130%дан ашкан. БШК айрым убакытка маалыматтарды өчүрүп, жаңыларын жарыяланган, бирок ал да туура болбой жатат.

БШКнын сайтынын ишиндеги үзгүлтүк бир нече партияны парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынан күмөн санатты. 29-ноябрга караган түнү алты партия АСУнун маалыматтарынын алдын ала жарыяланган жыйынтыктарына макул эместигин билдирип, добуштарды кол санактан өткөрүүнү талап кылышкан. Алар добуштары жоголуп кеткен деп эсептейт.

Ал эми Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, БШКнын негизги системасында эч кандай мүчүлүштүктөр жок экенин айтып, сайттагы маалыматтар туура экенин кошумчалаган. Ал «таблицадагы кичинекей бир формула туура эмес жазылып калган» деп белгилеген.

Ал эми Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БШКнын системасынын ишиндеги үзгүлтүк — «кыргыз мамлекеттүүлүгүнө доо кетиргиси келген күчтөрдүн саботажы болушу мүмкүн» деп белгилеген.

Ал арада коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Боршайкомдун сервери болжолдуу 20 өлкөнүн хакердик чабуулуна кабылганын билдирген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Хакердик чабуул, саботаж. Бийлик БШКнын сайтындагы үзгүлтүктү түшүндүрө албай убара