Ахматбек Келдибеков УКМКда сурак берип жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ахматбек Келдибековду суракка чакырды. Комитеттин басма сөз кызматы аны суракка чакырууга саясатчынын видео баяндамасы себеп болгонун маалымдады.

Ведомстводон белгилешкендей, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын сайтка чыгарууда негизги серверге сырттан эч кандай кийлигишүү жана бурмалоо болбогонун, болгону механикалык ката кетирилгенин түшүндүргөн.

«Социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ахматбек Келдибеков добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, аны менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзүлгөнү боюнча видео тараган», — деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Болжолу менен сөз бул видео жөнүндө болушу мүмкүн:

Видеодо Келдибеков өлкөдө кайрадан шайлоо өткөрүлүшү керектигин айткан.

«Биз шайлоо таза өтөт деп ишенгенбиз жана биздин добуштарыбызды кайтарып берүүнү сурайбыз. Эмне үчүн алар абдан азайып кетти? Жыйынтыктар бирөөгө ыңгайлуу болуш үчүн бурмаланбашы керек», — деген парламеттин экс-спикери.

Ал өзү жана партиясы үчүн канча добуш билерин, шайлоочуларынын добуштарын кайтарууну талап кыларын билдирген. Ошондой эле буга далилдер, шайлоо участкаларынан алынган чектер бар экенин кошумчалаган.

Келдибеков 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Азаттык» партиясынан ат салышкан. Партиянын талапкерлери, анын ичинде Келдибеков дагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, аны жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылган.

1-декабрда жарыяланган 55% бюлеттенди колго саноонун жыйынтыгына ылайык, «Азаттык» партиясы шайлоочулардын добушунун дээрлик 4%ын алган, бул алардын Жогорку Кеңешке өтүүсүнө жол бербейт.

Автору: Мирайым Алмас