Парламенттик шайлоо 2021: «Клооп» мыйзам бузуулар боюнча ачык база түздү

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңешти шайлоо аяктады. Бул жолку шайлоого 21 саясий партия катышты. Өлкө боюнча талапкер болуп — партиялардан жана бир мандаттуу огругдардан – 1000 ашык адам ат салышты.

Бул шайлоого «Клооп»* 1 400 байкоочуну даярдап, жөнөттү. Алар эки күн бою — 27-ноябрда көчмө добуш берүүдө, 28-ноябрда УШК жана ОШКнын имараттарында шайлоо процессине байкоо жүргүзүштү.

*«Клооп Медиа» фонду шайлоону мониторинг кылуу үчүн юридикалык аккредитация ала алган эмес — акаредитациялоо өтүнүчү четке кагылганы тууралуу катка БШКнын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеевич кол койгон. Ошондуктан аккредитацияны биздин фонддун экинчи юридикалык жагы алды — «Коомар Медиа». Бирок окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн биз бардык жерге «Клооп» деп жазабыз.

Биздин байкоочулар түрдүү бузууларды аныкташты. Негизинен алар АСУнун (автоматташтырылган эсептөөчү үрна), добуш берүүнүн купуялуулугунун бузулуусу, массалык жеткирүүлөр жана мыйзамсыз үгүт жүргүзүү тууралуу маалымат берип турушту.

Ошто шайлоочулар добуш берип жатат. Сүрөт: «Клооп»

УШКлар жабылгандан кийин бизге комиссия мүчөлөрү добуштар кол менен саналганы тууралуу протоколдордун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн бербей жатканы тууралуу маалыматтар келе баштады.

Шайлоодо добуштар эки жолу саналат: алгач автоматташтырылган эсептөөчү үкөктөр аркылуу, андан кийин колго. Мыйзамга ылайык, кол санактын жыйынтыгы расмий болуп эсептелет.

Биз «Клоопто» бардык бузууларды чогултуп, аларды бирдиктүү базага бириктирдик. Ал жерден эмнелерди тапса болот?

Бул шилтеме аркылуу кирип, биздин байкоочулар жана штаттан тышкаркы кабарчылар эки күндүк добуш берүүнүн жүрүшүндө УШК жана ОШК имараттарында катталган бардык бузуулар менен тааныша аласыз.

Ал жерден биздин байкоочулар тоскоолдуктарга карабай колуна ала алган кээ бир протоколдордун көчүрмөлөрүн таба аласыздар. Протоколдор бирдиктүү шайлоо округу боюнча УШК жана ОШКлардан чогултулган.

Ошондой эле, базага БШКнын сайтынан алынган УШКнын протоколдору дагы киргизилген. Боршайком азырынча маалыматтарды чогултууда, азырынча даяр протоколдордун баарын жаярыялай элек.

Сизге керектүү болуп аткан маалыматты табуу үчүн «форманын» издөө бөлүгүнөн төмөнкү бөлүмдөрдүн биринин аталышын тандаңыз. Формага кирүү үчүн ушул шилтемени басыңыз:

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча БШКнын сайтындагы протоколдор

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча «Клооптун» байкоочуларынын келген ОШКнын протколдору

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча «Клооптун» байкоочуларынан келген УШКнын протоколдору

«Клооптун» байкоочулары УШКларда каттаган бузуулар

«Клооптун» байкоочулары ОШКларда каттаган бузуулар

Биздин маалымат базанын ишине байланыштуу жаралган суроолор боюнча байкоочулар командасынын координаторлоруна Телеграм аркылуу жеке кат куржунга кайрылыңыздар:

@aizirek_a — Айзирек Алмазбекова

@aigesha05 — Айгерим Казыбаева