Шайлоо-2021: Атазов менен Алимбековдун чыры. Эмне болуп жатат?

3-декабрда бир мандаттуу округдар боюнча парламенттик шайлоодогу добуштарды кол менен саноо жыйынтыкталды. Анда Ош шаарындагы №8 Төлөйкөн округу боюнча АСУ берген маалыматтар тастыкталды.

Парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты Нурбек Алимбеков шайлоочулардын 40,96% добушуна ээ болуп алдыга чыкты. Ал эми ушул эле алтынчы чакырылышка «Ата Мекен» менен келген Шайлообек Атазов 36,81% добуш алды.

Жыйынтыктар белгилүү болгондон кийин Шайлообек Атазов Алимбековдун үстүнөн жазган арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылганын эске салды. Аны менен катар, Атазов Алимбеков «козголгон кылмыш ишин токтотууну суранып жатканын» айтты.

«Коркок экен, азыр чалып, ага козголгон кылмыш ишин токтотууну суранат. Алимбеков президенттин таза шайлоо өткөрүү боюнча буйругуна каршы туруп, добуш сатып алуу менен алектенген. Фото жана видео далилдер бар. Буга чейин айрым күбөлөр күнөөсүн моюнга алышкан», — дейт депутат.

Ал эми Нурбек Алимбековдун штаб башчысы Нурбек Орозбаев «Клоопко» «Нурбек Алимбеков сотко чейинки өндүрүштү токтотууну суранып жатат» деген маалыматты төгүндөдү.

Ош ШИИБ эмне дейт?

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Шайлообек Атазовдун талапкер Нурбек Алимбековдун үстүнөн жазган арызы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын тастыктады. Анын айтымында, Атазов арызды алгач УКМКга жазган, кийин атайын кызмат ишти Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берген.

«Депутат кайрылууларында, постторунда фото жана видео материалдарды кошо тиркегенин айтып жатат. Бирок, эч кандай фото, видео далилдерди бербегенин адилеттүүлүк үчүн айта кетсек болот. Бирок биздин кызматкерлер ушул тапта күбөлөрдү, арызда көрсөтүлгөн адамдарды сурап жатат, — деп билдирди Сыдыков.

Ошондой эле, Сыдыковдун билдиришинче, талапкер Нурбек Алимбековдун штаб башчысы Нурлан Орозбаевдин Шайлообек Атазовго карата доо арызы бузуулар жөнүндө кодекстин 46-беренеси боюнча «талапкердин кадыр-баркына жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу доо кетирүү» деп катталган. Бирок Жазык-процессуалдык кодексинин талабына ылайык, бул берене боюнча арыздарды аймактык шайлоо комиссиясы карайт.

Алимбеков менен Атазовдун араздашуусу

Атазов менен Алимбеков бири-биринин үстүнөн шайлоо өнөктүгү маалында арыз жазышкан. Алгач 29-ноябрда Атазов журналисттерге маалымат жыйын куруп, Төлөйкөн №8 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген. Ошондой эле, Атазов Фейсбук барагында атаандашы Алимбековду добуш сатып алууга айыптаган.

Ал эми 2-декабрда Нурбек Алимбековдун штаб жетекчиси Нурлан Орозбаев Шайлообек Атазовдун үстүнөн арыз жазганын билдирген.

«Атазов бизди каралап, талапкердин аброюна шек келтире турган сөздөрдү айтып жатат. Ошондуктан биз да жооп берүүгө аргасыз болдук. "Атазов Алимбековдун аброюна шек келтирди" деген жүйө менен сотко кайрылдык», — деген ал.