Кара-Кечеде жеке айдоочулар көмүр ала албай жатышканын айтып нааразы болушту

Социалдык тармактарга Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде жеке көмүр ташуучу унаалардын айдоочулардын нааразы болгон видеосу тарады.

Анда видеонун автору жеке айдоочуларга 15-декабрга чейин көмүр берүү токтотулганын айтып, «жапсаңар толук жапкыла» деп ачууланган.

«“Айдоочуларды дагы киргизгиле” деген талап коюп атабыз. Бирөө келип алып “Садырга көмүр жүктөйбүз, жеке көмүр ташыгандарга жүктөбөйбүз” деп жатат. Мындан улам ызы-чуу болуп атат. Эмне кылаарыбызды да билбейм», — деген тасманын автору.

Ал эми «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова «Клоопко» Кара-Кечеде тазалоо иштери жүрүп жаткандыктан жеке айдоочуларга көмүр берүү бир жумага токтотулганын билдирди.

«Бизде көмүр ЖЭБге, калкка жеткирүүчү арзан көмүр жана жеке ишкерлерге болуп үч коридор менен берилет. Азыр жеке айдоочуларга берилүүчү коридордо жети күн тазалоо иштери болот. Ошол себептен ал жабык турат. Бирок ЖЭБге жана калкка арзан көмүр үзгүлтүксүз берилет», — деди Зоотбекова.

Үч апта мурун Кара-Кечеде ондогон айдоочулар көмүрдүн баасы 3000 сомдон сатылып жатканына нааразы болшкан. Себеби айдоочулар көмүрдү арзан сатса барып-келген чыгымын актабай калат деп билдиришкен.

15-ноябрда президент Садыр Жапаров ЖЭБ-2нин айланасында пайда болгон жаңы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда борбордо көмүрдүн баасы «арзандайт» деп убада берген. Өлкө башчынын тапшырмасы менен калаада көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан эки кампа ачылган.

Андан кийин Жапаров президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнө көмүрдүн баасын 3000 сомго түшүрүү тапшырмасын берген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Ош шаарында бир тонналык лимит менен арзан көмүр сатыла баштады

Улуттук статком: Баткен менен Ноокатта көмүрдүн тоннасы 10 миң сомдон сатылып жатат