Ош шаарында бир тонналык лимит менен арзан көмүр сатыла баштады

Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Ош шаарынын аймагында 24-ноябрда тоннасы 3000 жана 4000 сомдон көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрия жергиликтүү жашоочуларды арзандатылган көмүр менен камсыздоо максатында эки компания менен жалпы 700 тоннага келишим түзгөн. Азырынча 112 тоннасы алып келинип, сатыла баштаган.

Өзгөндөн алып келинген көмүрдүн тоннасы 3000 сомдон, Алайдын көмүрү 4000 сом деп бекитилди. Бир үй-бүлө арзан баадагы көмүрдү бир тоннага чейин гана сатып алса болот.

Көмүр сатуучу пункттардын даректери:

  • Туран аймактык башкармалыгы, Дача участкасы, Нагорная көчөсү, 1;
  • Сулайман-Тоо аймактык башкармалыгы, Курманжан-Датка көчөсү, «Ош-Ойл» май куюучу бекетинин маңдайы;
  • Керме-Тоо аймактык башкармалыгы, Черемушки кичи району, Муминов көчөсү, Араван тракт, 218-квартал;
  • Манас-Ата аймактык башкармалыгы, Жаштар көчөсү, 49;
  • Амир-Темир аймактык башкармалыгы, Целинная көчөсү, милиция бөлүмчөсүнүн жаны;
  • Курманжан-Датка аймактык башкармалыгы, Ташкент көчөсү, 56;
  • Жапалак аймактык башкармалыгы, Керме-Тоо айылы, Каримов көчөсү.

22-ноябрда тоннасы 3000 сомдон турган көмүр Ош облусунун төрт районунда сатыла баштаган. Ал Өзгөн районунун Он беш жаш айылындагы карьерден алынып келинип, сапаты текшерилген — көмүр майда, бирок «жакшы» күйөт. Облустун тургундары үчүн азырынча көмүр сатып алууга лимит жок.

Бул жылы өлкөдө көмүрдүн баасы өткөн жылга караганда кымбат болуп жатат. Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан ноябрь айына чейин эле көмүрдүн чекене баасы 10%га кымбаттаган. 18-ноябрга карата бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 706 сомду түзгөн.

Эң эле кымбат көмүр Ош облусунун Ноокат районунда сатылууда — тоннасы 10 040 сом. Андан кийинки эле эң кымбат көмүр Баткенде сатылып жатат — 9 719 сом.

Көмүрдүн кымбаттыгынан улам министрлер кабинети 12-октябрда баага 90 күндүк мөөнөткө мамлекеттик жөнгө салуу киргизген.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров 15-ноябрда Бишкектеги ЖЭБ-2нин айланасында пайда болгон жаңы конуштун тургундары менен жолугуп, борбордо көмүр арзандаган. Анын тапшырмасы менен калаада көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан эки кампа ачылган.