Президенттин иш башкармалыгынын автопаркы электромобилдер менен жабдылышы мүмкүн

Министрлер кабинети Президенттин иш башкармалыгынын автопаркын электромобилдер менен кайра жабдууну пландап жатат. Бул мүмкүнчүлүктү минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 4-декабрда электромобилдерди ташып келип жаткан компаниялардын өкүлдөрү менен талкуулады.

Маалыматка ылайык, минкаб өлкөдө электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда. Жапаров жолугушуу учурунда транспорттун туруктуу түрүнө өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз электробустарды борборго коё берели деп пландап жатабыз. Биз үчүн өлкөдө электр транспортун көбөйтүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү артыкчылыктуу саналат. Салык кодексинин долбоорунда жакынкы 3-5 жылга электромобилдерди ташып кирүүдө КНС төлөөдөн бошотуу каралышы керек. Биз жашыл экономикага багыт алуудабыз», — деди ал.

Минкабдын башчысы жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу презиент Садыр Жапаров дагы Глазго шаарындагы эл аралык климаттык форумда айтканын кошумчалады.

Акылбек Жапаров электромобилдердин ар башка түрлөрүн көрүп, бирөөсүн рулуна отуруп көрдү. Жолугушууда электромобилдерди лизингге берүү механизмдери дагы талкууланды.

Акылбек Жапаров электромобилди корүп жатат. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы

Мындан эки жыл мурда, 2019-жылы экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маморгандардын автопаркын мамбюджеттен кошумча каражат бөлбөстөн электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгууну тапшырган болчу. Бирок демилге ошол бойдон ишке ашкан эмес.

2019-жылдын январынан тартып өлкөдө электромобилдерди каттоо жана кайра каттоо үчүн төлөмдөр алынбайт. Бирок өлкөдө мындай транспорт үчүн инфраструктура жокко эсе — Бишкекте болгону бир нече кубаттоочу станция бар, ал эми шаар аралык жолдордо станциялар жок.