Садыр Жапаров дыйкандарды үч жылга жер салыгын төлөөдөн бошотууну сунуштады

Сүрөт: Айдай Токоева / Клооп

Президенттин басма сөз кызматы 6-декабрда Садыр Жапаров «Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгонун маалымдады.

Президент тарабынан кол коюлган жарлык, дыйкандарды 2022-2025-жылдары айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотууну сунуштайт.

«Ошол эле учурда бул салыктын жоюлушуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготуулары да толтурулат», — деп кошумчалады президенттин администрациясы.

Документке ылайык, министрлер кабинети жер салыгынан бошотууга байланыштуу жергиликтүү бюджеттин жоготууларын компенсациялоо каралган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүүсү керек.

Жапаров аталган жарлык Фейсбук барагында да пикирин билдирип, дыйкандарды салыктан бошотуу — бул алгачкы кадам экенин кошумчалады. Президенттин айтымында, 2022-жылы мамлекет дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк 6 пайыз менен насыяларды бере баштайт.

«Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча, алдыдагы 3-4 жылда баарыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз. Биздин негизги максатыбыз сиздерге шарт түзүп берип, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу», — деп жазды Жапаров.

Өлкө башчысы жерлердин айдалуусуна жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл өкмөт, аким жана президенттин облустардагы өкүлдөрү жеке жоопкерчиликтүү болорун айтып, аларга «Айыл банк» жана «РСК банк» менен тыгыз иштөө тапшырмасын берди.

«Тамак-аш коопсуздугу дейбиз. Эгер өз жерлерибизди айдап сеппесек, кайдагы тамак аш коопсуздугу? Азыр көпчүлүк тамак-ашты импорт кылып жатабыз. Тескерисинче, экспортко чыгарып турганга жетишибиз керек. Ал үчүн мамлекет сиздерге болгон күчүбүздү аябай жардам беребиз. Өз кезегинде сиздер да колуңуздарга тийген насыяны башка жакка жумшабай, максаттуу пайдаланып, мамлекетке жардам беришиңиздер керек», — деп эсептейт Жапаров.

Мындан сырткары, Жапаров жылдык обороту 8 млн сомго жетпеген ишкерлер соцфонд жана киреше салыктарынан башка салыктын бардык түрүнөн бошотулганын белгиледи.

«Жылдык жүгүртүмү 8 млн сомдон ашса гана салык төгүшөт. Бул дагы ылдыйкы катмардагы бизнес менен алектенгендер үчүн өкмөт тараптан материалдык колдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат», — деп билдирди ал.