Сокулук: 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы киши кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй облустук милициянын басма сөз катчысы Нургүл Нусупова билдирди.

«Жабыркаган кыздын атасы милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 5-декабрда таң эрте 16 жаштагы кызын белгисиз адам Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убадалап, жолдон күч колдонуп зордуктап койгонун билдирген», — деди Нусупова.

Аталган факт боюнча «Зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тийешелүү экспертизалар дайындалды.

Ыкчам-издөө иш-чарасынын негизинде кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 31 жаштагы тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Нусупованын айтымында, ошол эле күнү Сокулук РИИБинин имаратынын алдына жабырлануучунун 50гө жакын тууганы менен айылдаштары чогулган. Чогулгандар менен Сокулук РИИБнын жетекчиси жолугуп, иш көзөмөлдө экенин айтып, мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн убадалагандан кийин алар тарашкан.