Талант Мамытов 2019-2020-жылы дээрлик 1,5 млн сом киреше тапкан

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жана алардын туугандарынын киреше, чыгаша жана мүлктөрү тууралуу декларацияларын жарыялап баштады.

Өз мүлкү тууралуу 2019-жылы Жогорку Кеңештин депутаты, ал эми 2020-жылы парламент спикери, ал тургай бир аз убакыт президенттин милдетин аткаруучу болуп иштөөгө үлгүргөн Талант Мамытов да отчёт тапшырган.

Мамытов 2019-жылга карата 746 миң 580 сом, ал эми 2020-жылга карата 703 миң 355 сом киреше тапканын көрсөткөн. Анын кирешеси эки жылда жалпы-жонунан 1 млн 449 миң 936 сомду түзгөн.

2019-жылы анын 450 миң сомдук бодо, 200 миң сомдук ача туяктуу жана 550 миң сомдук жылкылары бар болчу. Бул жылы ал 550 миң сом короткон.

Мамытов жакын туугандарынын мүлкү менен кирешелерин дагы көрсөткөн.

Алсак, депутаттыy туугандары 2019-жылы Мамытовдон да көп киреше тапкан — 1 млн 932 миң сом, ал эми чыгашалары 2 млн 173 миң 500 сомду түзгөн. Ошондой эле алардын карамагында автоунаалар, форгондор, жеңил унаа болуп жасалган пикаптар жана «Ниссан Примера» бар. 2020-жылы Талант Мамытов спикерлик кызматта 703 миң 355 сом киреше таап, 550 миң сом короткон.

Бул жылга карата ал 550 миң сомдук ири мүйүздүү малын, 400 миң сомдук кой жана 700 миң сомдук жылкыларын декларацияга киргизген.

Бирок 2020-жылга карата анын туугандарынын мүлкү тууралуу маалыматтар киргизилген эмес.