Дастан Жумабеков 2019-2020-жылы 1 млн 800 миң сом киреше тапкан

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жана алардын туугандарынын кирешелери менен кыймылсыз мүлктөрү боюнча декларацияларын жарыялады.

Парламенттин экс-спикери Дастан Жумабеков тапшырган отчётко ылайык, 2019-2020-жылдары 1 807 537 сом киреше тапкан.

Декларацияга ылайык, Жумабеков 2019-жылы 971 760 сом киреше тапкан жана эч кандай чыгым кылган эмес. Мындан сырткары, «Артисбек ата балдары» айыл чарба компаниясы ишинимдүү башкаруусунда болгон — Жумабековдун атасынын аты Артисбек.

Анын мүлктөрү арасында, төмөнкүлөр болгон:

  • аянты 59,50 чарчы метр батир;
  • Фото, видео, аудио техника;
  • ири мүйүздүү мал;
  • Ача туяктуу мал;
  • Жылкылар.

Ошол кездеги парламент спикери Жумабековдун 1 445 000 сомдук ири мүйүздүү, 750 000 сомдук ача туяктуу жана 855 000 сомго бааланган жылкылары көрсөтүлгөн.

Жакын туугандарынын мүлкү көрсөтүлгөн эмес.

2020-жылы жөн гана депутат болгон Жумабеков 835 777 сомго жетпеген киреше тапкан. Наамына ошол эле батир, айыл чарба компаниясы, фото, аудио жана видео техникалар катталган.

Малдарынын саны өзгөрүп, ири мүйүздүү малынын баасы 1 878 500 сомго, ача туяктуусунуку — 975 000 сомго, жылкыларыныкы 1 111 500 сомго жеткен. Туугандарынын мүлкү көрсөтүлгөн эмес.

Дастан Жумабеков бешинчи жана алтынчы чакырылыштын депутаты болгон. Алгач парламентке УКМКнын учурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин «Ата Журт» партиясынын атынан, кийин «Кыргызстан» партиясынан келген. 2021-жылдагы парламенттик шайлоого талапкерлигин бир мандатуу округдан көрсөтүп, округда эң көп добушка ээ болгон — сыягы, ал жетинчи чакырылыштын дагы депутаты болгону калды.