Коронавирустан эки адам каза болуп, 63 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 7-декабрга карата коронавирус жуктурган эки адам каза болуп, 59 бейтап оорудан айыгып чыкты. Ал эми акыркы суткада COVID-19 жуктуруунун 63 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Чүй облусу —24;
  • Бишкек шаары — 21;
  • Ысык-Көл облусу — 7;
  • Жалал-Абад облусу — 6;
  • Ош облусу — 4;
  • Ош шаары — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 183 712 адамга жетти. Ал эми өлкө боюнча 178 710 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 762 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 350 бейтап, ал эми үй шартында 407 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 7-декабрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 4 735 адам, ал эми экинчи дозасын 5 118 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.