Новиков 2020-жылы вице-премьерлик кызматта дээрлик 1 млн сом киреше тапкан

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2019 жана 2020-жылга карата кирешелери менен кыймылсыз мүлктөрү тууралуу декларациясын жарыялай баштады.

Декларацияга ылайык, Артём Новиков былтыр 952 миң 111 сом киреше тапкан. Анткен менен чыгашалары көрсөтүлгөн эмес. Новиков 2020-жылдын 14-октябрында өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалган.

Кийинчерээк ноябрда Садыр Жапаров премьер-министрлик ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин Артём Новиков премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Декларацияга ылайык, Новиков 600 миң сомдук үй эмеректери менен үй техникаларына ээлик кылат. Мындан сырткары, 95 миң сомдук компьютердик техникасы жана 1,7 млн сомдон ашык сакталган акчасы бар. Новиковдун 80 миң сомдук башка да кыймылдуу мүлкү бар.

Анын жакын тууганынын наамына баасы 326 миң сомду түзгөн «Тойота Приус» үлгүсүндөгү унаа катталган.Учурда артём Новиков Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы. Бул кызматка үстүбүздөгү жылдын май айында дайындалган.