Ысык-Көл: Электр зымынын чыңалуусунан чыккан өрттөн бир адам каза болду

6-декабрь күнү саат 18:35 чамасында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 7-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Атадагы Акматбай-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 50 чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен. Жеринде бир өрт өчүрүүчү бөлүм иш алып барып, өрт кечки саат 20:15те толук өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун кесепетинен 63 жаштагы С.В. аттуу эркек киши каза болду. Өрттүн келип чыгуу себеби такталып, электр зымынын кыска чыналуусунан чыкканы белгилүү болду.

Буга чейин, 7-ноябрда Бишкек шаарындагы пластик чыгарган «Ак-Тилек» заводунда чыккан өрт чыгып, он адам ар кандай жаракаттарды алган.

Бир бала колун кестирип алган, экинчиси куймулчагын кокустаткан. Калган сегиз адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Тема боюнча:

Бишкек: Пластик чыгарган заводдогу өрттөн он адам жабыркады

Жалал-Абад: Тогуз-Тородо мектеп өрттөндү