Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү — БШК сайтындагы мүчүлүштүктөрдөн улам маалыматтар дал келбей, жыйынтыгы талаш-тартыш жаратты. Ал эми кол санак аяктаган соң расмий жыйынтык 18-декабрдан кем эмес аралыкта жарыяланат.

Ошентсе да, алдын ала жыйынтык боюнча парламентке алты партия жана бир мандаттуу округдардан 30дан ашык талапкер депутат болот. Алар кимдер экенин айтып беребиз.


Парламенттеги эң көп орун азырынча «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына тийчүдөй. Партиянын атынан жетинчи чакырылышка төмөнкү депутаттар барат:


Бакыт Төрөбаев — 48 жашта, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери. 2007-жылы бозгун президент Курманбек Бакиев тарабынан негизделген «Ак-Жол» партиясы менен алгачкы жолу парламентке келген.

2010-жылы болсо «Республика» партиясынын катарында депутат болгон. 2015-жылы Жогорку Кеңешке «Өнүгүү — Прогресстин» туусунун алдында өткөн. Бакыт Төрөбаев 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан, бирок Өмүрбек Бабановдун пайдасына талапкерлигин алып салган. Жогорку Кеңештин акыркы үч чакырылышынын депутаты.

Фархат Исмаилов — 38 жашта, парламенттин иш башкармалыгынын директорунун орун басары болгон. Ишкер катары белгилүү. Ал Ошто журналисттерге кол көтөргөн чоң муштум-чиновник Нурбек Исмаиловдун агасы.

Исмаилов — «Алай Инвест» ЖККнын жана «Ай-Балта» коопсуздук агенттигинин жетекчиси. Нурбек Исмаилов дагы ушул эле партия менен Ош шаардык кеңешине талапкерлигин койгон, шайлангандан кийин мандатынан баш тартып, «Ош Тазалыктын» директорлугуна келген.

Таалайбек Сарыбашов — 50 жашта, Оштун экс-мэри. Үстүбүздөгү жылдын август айында аны Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындашкан, бирок он күн өткөндөн кийин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Мындай чечимин Сарыбашов Жогорку Кеңешке шайлоого катышам деп түшүндүргөн. Ошондой эле, мэрлик кызматты тапшырып берүү Садыр Жапаров менен макулдашылганын кошумчалаган.

Айбек Маткеримов — 41 жашта, партиянын расмий лидери, мурда «Мекенчилдин» мүчөсү болгон.

2016-жылы Маткеримов учурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана президент Садыр Жапаров түзгөн «Ата Журт» партиясынан Барпы айылдык кеңешине депутат болгон.

Жеңиш Токторбаев — 53 жашта, Жалал-Абад шаардык кеңешинде төрт жыл депутат болгон. Камчыбек Ташиевдин тарапташы катары белгилүү. 2013-жылы Шайырбек Ташиев менен бирге Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду абактан бошотууну талап кылган акцияга чыккан.

Кийин Башкы прокуратура Медер Үсөновго, Жеңиш Токторбаевге, Шайырбек Ташиевге жана Абсаттар Сыргабаевге карата «Массалык башаламандык уюштуруу» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми 2013-жылдын декабрында Жалал-Абад облустук соту Медер Үсөновду, Жеңиш Токторбаевди, Шайырбек Ташиевди жана Абсаттар Сыргабаевди массалык башаламандык уюштурууга жана конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого күнөөлү деп таап, үч жылга шарттуу кескен.

Сот чечими ушул жылдын жайында гана жокко чыгарылган.

Жылдыз Садырбаева — 51-жашта, «Фармамир» дарыканалар түйүнүн башчысы. Бул компания дарыканалардын саны боюнча лидерлердин бири.

Равшан Сабиров — 51 жашта, президенттин кеңешчиси жана вице-премьер -министр болгон. Былтыр «Мекенчил» партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышкан. 2011-2012-жылдары социалдык өнүктүрүү министри болуп иштеген. Бирок 2012-жылы эл аралык бала асырап алууга уруксат берүүдөгү коррупцияга шектелип кармалган.

2013-жылы Бишкек шаардык соту Сабировду мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыраткан. Ал бир жылдан кийин мунапыстын негизинде бошотулган.

Элдар Сулайманов — 36 жашта, жакында эле «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон, эми «чоң саясатка» аттанды өңдөнөт. Андан тышкары, «Кыргыз-Чех суу» компаниясынын жетекчиси катары белгилүү.

Алишер Козуев — 37 жашта, «Россия нефть» компаниясынын негиздөөчүсү. Былтыр парламентке «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен өткөнгө аракет кылган. «Россия нефть» компаниясы Ош шаарынын мэриясынын алдындагы бир канча мекемелерге күйүүчү жана майлоочу материалдарды жеткизүү менен алектенет. Коррупцияга айыпталган бажынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын бизнес-өнөктөшү болгон.

Жаныбек Кыдыкбаев — 36 жашта, «Айылым-Маман» фондунун төрагасы. Үстүбүздөгү жылдын май айында аны Ысык-Көлдөгү «Витязь» пансионатынын директору кылып дайындашкан.

Жамиля Исаева — 44 жашта, жакында эле Соттук өндүрүш борборунун жетекчисинин орун басары болчу.

Таалайбек Масабиров— 55 жашта, 2015-жылы Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» партиясынан депутат болуп келген. Ага чейин 2013-2015-жылдары — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Дзюдо боюнча чеберлер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону.

Надира Нарматова — 63 жашта, парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты болгон. «Мээримбек» кайрымдуулук фондунун жетекчиси. 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясынын катарында болгон.

Нарматова Садыр Жапаровго парламенттик шайлоо бүткөнчө тынчтык маршы же митингдерди өткөрүүгө мораторий жарыялоону сунуштаган. Анын айтымында, Конституцияны өзгөртүүгө каршы жүрүштөргө студенттер, улуттук азчылык жана бейөкмөт уюмдар гана чыккан. «Азаттык» басылмасы «өлкөнү сатууга даяр, кыргыздар үчүн жакшылык кылбайт» деп айтып чыккан.

Камила Талиева — 53 жашта, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр болгон. Ал эми 2014-жылы Маданият министрлигин жетектеген.

Бешинчи чакырылышта «Ар Намыстан» депутат болгон.

Гүлшаркан Култаева — 49 жашта, былтыр «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен парламентке өтүүгө аракет кылган. Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Ага бир катар компаниялар катталган, бирок көбүнчөсү жабылып калган. Култаева курулуш материалдарын өндүргөн «СП Искена-КГ» компаниясынын негиздөөчүсү жана «МЭГУ» туристтик компаниясынын директору.


«Ата-Журт Кыргызстандан» кийин эле «Ишеним» партиясы көбүрөк мандатка ээ болот. 12 мандат кимдерге бөлүштүрүлөт?


Медербек Алиев — 35 жашта, көбүнчө президенттин тарапташтарынан куралган, Конституциянын жаңы долбоорун даярдоого аракет кылган Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юрист.

2012-жылы парламенттик башкаруу системасын колдоп «Парламенттик система — партиялык диктатура эмес» деген колонка жазган. Бир убактарда «Демократ» партиясынын тизмесинде жүргөн. Андан тышкары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү, Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин директору катары белгилүү.

Эмил Жусупов — 30 жашта, «Эмаком Холдинг» компаниясынын төрагасы катары аты аталган. «Эмакомго» чейин «Дастан Курулушта» иштеген. Эки компания тең курулуш менен байланыштуу. Ал эми «Эмаком Холдинг» жөнүндө ЖМКлар көп ирет жазган.

Мисалы, 2020-жылы «Эмаком» Ошто Сулайман-Тоону караган көп кабаттуу үй салып жатканда чуу чыккан. Ал тургай 2018-жылы компанияга аталган курулуш боюнча кылмыш иши козголгон. Имарат уруксат документтери жок эле курулуп жаткан жана ыйык Сулайман тоону тосуп калган.

Жылдыз Таалайбек кызы — 31 жашта, Таалай Курткаев атындагы кайрымдуулук фондунун төрайымы.

Сүйүнбек Өмүрзаков — 53 жашта, ал 80-жылдардын аягынан тартып укук коргоо тармагында кызматында иштеп баштаган. Кызматтык тепкичтен жогорулап олтуруп, кийин шайлоого катышуу үчүн ички иштер министринин орун басары кызматын өткөрүп берген.

Нурбек Сыдыгалиев — 48 жашта, 2015-2016-жылдары ӨКМдин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Жогорку кеңештин вице-спикеринин орун басары кызматына үстүбүздөгү жылдын январь айында дайындалган. Сыдыгалиев депутаттык мандатын тапшырып, «Ата Мекендин» катарынан чыгып кеткен Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна парламентке келген. Ошондой эле, Сыдыгалиев коомдук ишмер жана академик катары айтылат. Мындан тышкары, ал резонанс жараткан Конституциялык кеңеменин мүчөсү болгон.

Марат Мураталиев — 54 жашта, Таластагы өкмөттүн ыйгарым укукту өкүлү болгон. Аталган аймакта бокс федерациясынын президенти болгон. 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясы менен болгон.

Бахридин Шабазов — 37 жашта, «Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. «Премьер отель» мейманканасынын директору.

Улугбек Ормонов — 57 жашта, мурда депутат болгон. Бакиевдин убагында бийликчил «Ак-Жол» партиясынын лидери болгон. Алмазбек Атамбаевдин убагында парламентке «Бир Бол» партиясы менен келген. 2005-жылдан бери депутат. Ага чейин «Дастан» заводунда ар кайсы кызматтарды ээлеген.

Руслан Жакышев — 47 жашта, бир далай партияларды алмаштырган. Ушул жазда эле «Эмгек» партиясында болчу. 2017-жылы болсо Бишкек шаардык кеңешине «Республика Ата Журттун» катарында келген. Шаардык кеңеште төраганын орун басарлыгына чейин жеткен.

Миргүл Темирбаева — 42 жашта, «Сырма Текстиль-Бишкек» компаниясынын директору.

Айсара Абдибаева — 56 жашта, экономист катары белгилүү, бир катар банктарда иштеген. «Аксы Азыктары» айыл чарба компаниясынын директору.

Чолпон Султанбекова — 52 жашта, саясатка жолдошунун өлүмүнөн кийин келген. Жолдошу үч жолу депутат болуп шайланган Баяман Эркинбаев, ал 2005-жылы 38 жашында киши колдуу болгон. Саясаттан тышкары «Кара суу» базарынын ээси жана балбан катары белгилүү болгон.

Баяман Эркинбаевдин өлүмүнөн кийин Чолпон Султанбекова парламентке талапкер болгон, бирок жеңишке жеткен эмес. Ошондой эле, ал күрөш боюнча «Алыш» федерациясын жетектеп, Кыргызстанда Алыш күрөшү боюнча Азия чемпионатын өткөргөн. Кийин ал «Республика» партиясынын тизмеси менен депутат болгон, ал тургай фракция төрагасынын орун басары болгон. 2013-жылы болсо вице-спикер болгон. Кийинки чакырылышка «Кыргызстан» партиясы менен келген.


Жетинчи чакырылышта дагы тогуз мандат «Ынтымак» партиясына берилет.


Эрулан Көкүлов — 35 жашта, активист, «Не сахар» долбоорунун алып баруучусу. Бир жыл мурда «Реформанын» мүчөсү болчу.

Шарапаткан Мажитова — 66 жашта, «Модерн Стиль» курулуш компаниясынын жетекчиси. Мурда «Ата Журт» партиясынан депутат болгон.

Талант Мамытов — 45 жашта, президент Садыр Жапаров менен анын үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарынын бири. Ал октябрь окуяларынан кийин парламенттин төрагасы болуп шайланган. Ал тургай аз убакыт президенттин милдетин аткарган.

2012-жылы Мамытов, Ташиев жана Жапаров «бийликти күч менен басып алуу аракети» үчүн соттолушкан. 2020-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Жогорку сот үч саясатчыны тең актаган.

Мурадил Сыдыков — 42 жашта, «МС Билдинг» курулуш компаниясынын жетекчиси катары белгилүү. Ага чейин деле курулуш тармагындагы компаниялар менен байланышы бар болгон.

Бакыт Тентишев — 35 жашта, «Бирге» партиясынын лидери. Аталган партия 8-октябрда «Ынтымак» менен бириккен. Президенттин Чүй облусунданы ыйгарым укуктк өкүлү Эркин Тентишевдин уулу.

Марлен Маматалиев — 40 жашта, «Ынтымактын» негиздөөчүсү. 2020-жылы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында барган. Ал кезде бул партияны Матраимовдордун кланы менен байланыштырышкан.

Балбак Түлөбаев — 49 жашта, Ысык-Көл облусунун мурдагы жетекчиси, октябрь окуяларынан кийин Бишкек шаарынын мэринин милдеттин аткарган. Ал үстүбүздөгү жылдын февраль айында кызматтан кеткен. Түлөбаев 2020-жылдагы төңкөрүштөн кийин Садыр Жапаровду колдоп баштаган.

Аида Исатбек кызы — 30 жашта, «Нурс Мебель» ЖЧКнын директору.

Лейла Лурова — 53 жашта, жеке ишкер, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. 2020-жылы парламенттик шайлоого «Республика» партиясы менен барган.


Парламенттеги дагы жети орунду «Альянс» алды.


Алтынбек Сулайманов — 49 жашта, 2010-жылга чейин парламентке Бакиевдин «Ак Жол» партиясынан келген эл өкүлү болчу. Бийлик алмашкандан кийин Сулайманов «Республика» партиясына өтүп, аны менен катар «Бир Болду» негиздеген. Сулайманов өзү жана негиздеген партиясы бир нече жолу бозгун президент Курманбек Бакиев менен байланышы бар деп айыпталган.

ЖМКлар Сулаймановдун УКТга байланышын да айтып жүрүшкөн, ал тургай криминалдык дүйнөдө «Челюсть» деген каймана ат менен таанымал экенин жазышкан. Өткөн парламенттик шайлоого ошол каймана атын кошуп, «Бир Бол» үчүн үгүт видеосун да тарттырган. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин, жергиликтүү кеңешке өткөрүлгөн шайлоону админресурс үчүн сындаган. Сентябрда аны талаш жараткан бийликти басып алуу аракети иши боюнча суракка алышкан.

Чыңгыз Айдарбеков — 44 жашта, мурдагы тышкы иштер министри. Ал 2018-жылдын октябрь айынан тартып ТИМди жетектеп, 2020-жылдын октябрында анын ордуна Руслан Казакбаев келген.

Анда Айдарбеков президенттин м.а. Садыр Жапаровдун стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. Бирок бул кызматта көпкө иштеген эмес. Декабрда бул кызматтан бошотулган.

Гүлкан Молдобекова — 57 жашта, КСДП партиясынын экс-депутаты, буга чейинки шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барган. Кыргызстан профсоюздарынын өкүлдөрү аны профсоюздар жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдогон деп эсептешет. Анткени депутат «профсоюздун мурдагы төрагасы Мирбек Асанакуновдун жубайы». Ошондой эле ал Конституциялык кеңешменин курамында болгон.

Азамат Исираилов — 33 жашта, Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын укук иштери жана иш өндүрүшү бөлүмүнүн башкы адиси.

Нилуфар Алимжанова — 30 жашта, ал жөнүндө Улуттук статистикалык комитеттин Башкы эсептөө борборунун башкы адиси болгону гана белгилүү.

Фархад Алимжанов — 33 жашта, (жок Нулифар экөөнүн тууганчылыгы жок). Атасы Айбек Алимжанов атындагы кайрымдуулук фонддун төрагасы. Былтыркы шайлоодо «Бир Болдун» атынан талапкер болгон.

Жанар Акаев — 34 жашта, «Азаттыктын» мурдагы журналисти, ал парламентке КСДП партиясы менен келип, кийин фракциядан чыгып, эркин депутатка айланган. 2015-жылы парламентке депутат болуп шайланганып келгенге чейин жарым жыл президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы болгон. Акаев 2017-жылы Бишкекте сөз эркиндиги үчүн митингге чыккандыгы үчүн КСДП фракциясынан чыгарылган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого Акаев «Ата Мекен» партиясынын катарында катышкан.


Дагы алты мандатты «Бүтүн Кыргызстан» алмакчы.


Адахан Мадумаров — 56 жашта, партиянын алмашкыс лидери. Ал үч жолу пезиденттикке талапкер болгон — 2011, 2017 жана 2021-жылы. Мындан тышкары, парламенттин үч чакырылышында [1995, 2000 жана 2005-жылы] депутат болгон. Төртүнчү чакырыштын спикери да болууга жетишкен.

Мадумаров акыркы жылдары шайлоо алдында, ар кайсы саясатчыларга иштеген интернет- фейктердин бутасына айланат.

Исхак Масалиев — башкы коммунист, 61 жашта. Ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Мадумаровду колдоп чыккан.

Масалиев — кыргыз ССРинин Борбордук комитетинин биринчи катчысы Абсамат Масалиевдин баласы жана кыргыз коммунистеринин лидери катары белгилүү. Бул шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» менен бириккен.

Масалиев парламентке төрт жолу шайланган, ошондой эле, 2005-жылы каржы министринин орун басары болгон. Депутат болгонго чейин бажыда иштеген, ал эми 2012-жылы салык кызматын жетектеп эки жыл иштеген.

Гуля Кожомкулова — 56 жашта, сот системасын өнүктүрүү менен алектенген, прокурор болгон. Бул тармакта ал 80-жылдардын аягынан бери иштеген.

Эмил Токтошев — 47 жашта, мурда «Ата Мекендин» курамында болчу. 2015-жылдан бери депутат. Конституциянын жаңы долбоорун демилгелеген депутаттардын катарына кошуп койгону үчүн нааразы болгон. Бул тууралуу өзү соцтармактан укканын айтып чыккан.

Алишер Эрбаев — 48 жашта, финполдо, УКМКда жана бажы кызматында иштеген. «Улуттук электр тармагында» жетекчи болгон, ал эми 2019-жылдан тартып УКМКнын кадрлар карамагына кирген. Былтыр «Мекеним Кыргызстан» менен шайлоого барган.

Орозайым Нарматова — 27 жашта, активист, «Мекенчилдин» мурдагы тең-төрагасы, Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы.


Парламентте беш орунду «Ыйман нуру» алды.


Нуржигит Кадырбеков — 44 жашта, 2020-жылы октябрдан февралга чейин маданият министри болгон. Ага чейин бир жыл министрдин орун басары болгон. ТИМде жана президенттин катчылыгында иштөөгө үлгүргөн.

Султанбай Айжигитов — 63 жашта, президенттин экс-кеңешчиси, мурда Баткен облусунун башчысы болгон. 2018-жылы ага 11 жаштагы баланы сабаганы боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Саясатчы бул маалыматты четке кагып, ишти чагымчылдык деп атаган.

Динара Ашимова — 48 жашта, 2005-жылы Демократиялык партиядан талапкер болгон. Ашимова 1997-жылдан бери ички иштер жана прокуратура органдарында иштеген, ал эми 2019-жылы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «Азия ньюс» гезити менен соттошкондо Жунушалиевдин кызыкчылыгын коргогон — анда министр кемсинткен карикатурага нааразы болгон.

Замирбек Мамасадыков — 40 жашта, сегиз жыл айыл өкмөтү жана Жалал-абад облусунун, Ноокен районундагы Достук айылынын айылдык кеңешинин депутаты болгон.

Винера Раимбачева, 53 жашта, Сокулукта Үй-бүлөлүк медицина борборунун акушери.


Буга кошумча бир мандаттуу округдардан келгендер бар, азырынча алардын саны 34:


Чыңгыз Ажибаев — 30 жашта, аскер прокуратурасында тергөөчү болгон.

Нурлан Ражабалиев — 46 жашта, мурдагы бажычы. Буга чейин Кыргызстандын футбол курамасында ойногон.

Бажыга 2009-жылы келген, 2017-жылы болсо ведомствонун төрагасынын орун басары болгон.

11-февралда Биринчи май райондук сотунда коррупцияга айыпталган мурдагы чиновниктер Райымбек Матраимов, Нурлан Ражабалиев жана Абдыбахаб Боронбаевдин кылмыш иши каралган. Үчөө тең күнөөлү деп табылып, 260 миң айып салынган.

Мындай чечим экс-бажычылардын тергөө менен кызматташып, күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды ордун толтурууга макул болгону үчүн чыккан.

Ырысбек Атажанов — 47 жашта, буга чейин анын мөмө-жемиш бакчасы болгон. Бирок Лев Толстой көчөсүн узартуу үчүн Бишкек мэриясына 11 сотых жер керек болгондо ал жер тилкесин белекке берген.

Өмүрбек Бакиров — 43 жашта, КСДП партиясынан алтынчы чакырылышка депутат болгон. Өткөн жылы ал «Жогорку соттун конституциялык палатасы жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамды коомдук талкууга алып чыккан, анда ал Конституциялык палатанын судьяларынын санын кыскартууну сунуштаган.

Жусупбек Коргонбай уулу — 44 жашта, бокс федерациясынын вице-президенти. Былтыр «Биримдик» партиясы менен менен шайлоого катышкан. «Республика Ата-Журт» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон.

Жалолидин Нурбаев — 51 жашта. Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы.

Айбек Осмонов — 37 жашта, алтынчы чакырылыштын депутаты жана үч партиянын — «Мекеним Кыргызстан», «Ыйман Нуру» жана «Биздин Кыргызстан» партияларынын негиздөөчүсү. Ошондой эле «Бир Бол» партиясынын мүчөсү болгон.

Эл өкүлү ишкер катары да таанымал. Айбек Осмонов жана анын бир тууганы Нурбек Осмонов — «Каганат Инвест» холдингдин кожоюну болуп эсептелишет. Ага «Ихлас» («Кыргыз Каганат») курулуш компаниясы, Оштогу электромобиль чыгарган «Кыргыз унаа курулуш» компаниясы жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» караштуу.

Нурбек Алимбеков — 46 жашта. Алимбеков алтынчы чакырылышта «Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон. Ал эми бешинчи чакырылышка «Республикадан» келген. Буга чейин Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгон, ага чейин 2 жыл «Папан Курулушту» жетектеген.

Искендер Матраимов — 59 жашта, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP басылмаларынын кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнүн фигуранты, коррупцияга айыпталган, бажынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы.

Искендер Матраимов 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого дагы катышкан. Анда ал добуш сатып алуга шектелген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон. Ага чейин КСДПнын тизмесинде болчу.

Данияр Төлөнов — 49 жашта, алтынчы чакырылышта «Кыргызстан» партиясынан депутат болгон. 2020-жылдын августунда өз каалоосу менен мандатын тапшырып берген.

Данияр Төлөнов 2008-2010-жылдар аралыгында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болгон.

Economist.kg басылмасы иликтөөсүндө, Төлөнов мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө эки бизнесин декларациясына көрсөтпөгөнүн аныктаган.

Улан Примов — 42 жашта, буга чейин депутат болгон. Ал 2015-жылы мандат алган. Анын үй-бүлөсүнүн чоң бизнеси бар. Декларацияларда «сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүү» менен алектенен «Прима -Триумф» кампаниясы көрсөтүлгөн.

Примов өзүнүн «Примов» коомдук фонду аркылуу кайрымдуулук кылат. Анын атасына тоо-кен иштетүүчү беш компания катталган: «Пэрити Коал», «Пэрити Коал Юг», «Көмүр компания», көмүр казган «Ош Пирим ОСкен» жана акиташ жана гипс казган «Береке Кен».

Ошондой эле Бердибай Примовго анын көмүр казуучу компаниясы казган көмүрдү ташыган «Ош-Пирим-Транс» компаниясы катталган. Примов «Ош Пирим Медиа» жана «Прайм Медиа» телерадикомпанияларынын ээси. Анын эжеси Клара Примова — «Улан Чи» кыш заводунун директору.

Дагы бул үй-бүлө менен «Ош Пирим Деронг», «Адыгене Строй» жана «Синжи Пирим» ЖЧКсынын байланышы бар.

Элмурза Сатыбалдиев — 55 жашта, азыр Азиялык волейбол конфедерациясынын башкы катчысы. Курманбек Бакиевдин тушунда башкы прокурор болгон. Ошол эле учурда президенттин башкы кеңешчиси болгон.

2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштөн кийин, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2016-жылдын соңунда сот белгилеген жазанын үчтөн экисин өтөп эркиндикке чыккан.

Тазабек Икрамов — 47 жашта, алтынчы чакырылышка «Өнүгүү Прогресстен» депутат болгон. Ал депутат болуп турганда дикциясындагы көйгөйдөн жана жеке демилгелеринен улам мемдердин каарманына айланган.

Шайырбек Ташиев — 45 жашта, «Ата Журт» партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болгон.

2013-жылы достору менен байкеси Камчыбек Ташиевди (учурдагы УКМК башысы), Садыр Жапаровду (азыр президент) жана Талант Мамытовду (жетинчи чакырылышта кесиптеши болот) бошотуу талабы менен Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүн жаап алышкан. Анда Шайырбек жана анын окмпаниясына каршы кылмыш иши козголуп, массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого күнөөлүү деп табылып, үч жылга шарттуу кесилген.

Ушул жылдын жазында гана коюлган айыптоолор боюнча өкүм жокко чыгарылган.

Айбек Алтынбек — 43 жашта, «Республика — Ата Журт» фракциясынын алтынчы чакырылыштагы депутаты.

Бактыбек Сыдыков — 51 жашта, мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун уулу. «Республика — Ата-журт» партиясынан депутат болгон. Былтыр парламенттик шайлоого Матраимовдордун кланы менен байланыштуу делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмедесинде 22-катарда барган.

2005-жылы финансы министринин кеңешчиси болгон. 2007-жылга чейин «Манас» аэропортунун коммерциялык иштери боюнча вице-президенти болгон. 2007-жылдан 2010-жылга чейин бозгун президент Курманбек Бакиевдин убагында «Манас» аэропортун башкарган. Ошондой эле, ал 2000-2001-жылдары «Кыргыз-Дан-Азыкты» жана 2001-жылдан 2005-жылга чейин «Кыргыз-Данды» жетектеген. 2011-жылдан 2015-жылга чейин АККА компаниялар тобунун башкаруу кеңешинин төрагасы болгон.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин аны «Манас» аэропортунун башчысы кылып дайындашкан. Ошол эле күнү аэропорттун кызматкерлери Сыдыковдун дайындалуусуна каршы чыгышкан. Митингчилер «Сыдыков кетсин, жаштар келсин» деген лозунг менен чыгышкан. Сыдыков кызматынан ушул жылдын февралында алынган.

Нурлан Шакиев — 44 жашта, NewTV телеканалынын директору катары белгилүү. Дал ушул телеканал 2019-жылы «жакшы» Курманбек Бакиев жөнүндө сюжетти эфирден кетирген. Сюжеттеги каармандардын бири мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевди Максим эмес, Манас деп атагысы келгенин, ал эми Курманбек Бакиевди жакшы жагынан көрсөтүп, «ал жакшы иштегенин» жана аны Кыргызстанда «сыйлашат жана жакшы көрүшөт» деп айткан.

Дал ушундай эле сюжет УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин байкеси Казыбек Ташиевге тиешелүү делген Nur TV каналынан көрсөтүлгкөн.

Анда Нурлан Шакиев сюжетти Бакиевдин классташтары тартканын айткан. Шакиев Бакиевдин командасында 2006-2009-жылдары иштеген. Бакиевдин администрациясына басма сөз катчы болуп келген, мурдагы президент тактан кулагандан бир жыл мурда президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.

Шакиев 2009-жылы «ЭлТР» коомдук телеканалын жетектеген, бирок революциядан кийин кызматтан алынган. Ал эми бийлик алмашкандан кийин 2010-2011-жылдары Кыргызстандын маданият министри болгон.

Азиз Турсунбаев — 55 жашта, «Кыргызстан» партиясынын алтынчы чакырылыштагы депутаты. Акаевдин жана Бакиевдин убагындагы — үчүнчү жана төртүнчү чакырылыштарда депутат болгон. Беш жылга жакын Жалал-Абад облусунун губернатору болгон.

Кундуз Сулайманов — 54-жашта, «КУБ» ЖЧКсынын директору катары белгилүү.

Дастан Жумабеков — 45 жашта, «Кыргызстан» партиясынын алтынчы чакырылыштагы депутаты. Парламенттин экс-спикери жана Көк-бөрү федерациясынын төрагасы. Сөздөрдү так айта албаганы, демилгелери, жана цитататалары аркылуу ыңгайсыз абалдарда калуусу менен белгилүү мем - депутат.

Бактыбек Чойбеков — 44 жашта, бир мандаттуу округдан депутаттыкка аттанганга чейин КСДП жана «Биримдикке» аралашууга аракет кылган. «Арча-Бешик конушу» коомдук фондунун төрагасы.

Нурлан Азыгалиев — 51 жашта, Эр-Эңиш федерациясынын президенти, Кыргыз-түрк соода-өнөр жай палатасы форумунун төрагасы. Мурдагы шайлоого «Биримдик» менен катышкан.

Карим Ханджеза — 39 жашта, «Кыргызстандын дунгандар ассоциациясынын» башкармалыгынын төрагасы.

Аманкан Кенжебаев — 54 жашта, Чүй облусунун Сокулук районунун жана Ош облусунун Кара-Кулжа райондорунун акими болгон.

Сеидбек Атамбаев — 45 жашта, «Автомаш-Энерго» ЖЧКсынын жетекчиси жана негиздөөчүлөрүнүн бири. Мурдагы президенттин тун уулу.

Жаныбек Абиров — 32 жашта, КСДП партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болгон. Шаардык кеңештин шайлоосуна бул жылы «Эмгек» партиясынын катарында катышкан.

Анын атасы Болотбек Абиров — бир канча жыл катары менен ЖЭБке көмүр жеткизүү тендерин жеңген «Рассвет Компани» ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Юстиция министрлигинде Болотбек Абиров кыймылсыз мүлктү башкаруу менен дүң соода менен алектенген бир канча компаниянын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн.

Дастан Бекешев — 38 жашта, бешинчи жана алтынчы чакырылыштын депутаты. Анын өзүнө тиешелүү «Ак-Ниет» партиясы бар болчу. Саясатка чейин Экономика министрлигинде иштеген. «Ак Ниетке» чейин Феликс Куловдун «Ар-Намыс» партиясынын мүчөсү болгон. Андан бир жыл өткөндө, өзүнүн партиясын түптөгөндөн кийин Бекешев КСДПга кеткен.

Акбөкөн Таштанбеков — 58 жашта, «Ооган согушунун ардагерлери» партиясынын лидерлеринин бири.

Таштанбеков ооган согушунун ардагери. Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышын мыйзам чыгаруу кеңешинин депутат жана саясий экономикалык жана ишкердик боюнча комитеттин төрагасы болгон. 2000-жылдары чоң коррупциялык чырдын объектисине айланган. 2010-жылдын 11-ноябрында Бишкек ШИИБи Акбөкөн Таштанбековду бет капчан, курал-жарак менен кармаган. Ошондо ИИМ мурдагы эл өкүлү үч кылмыш ишинин алкагында, анын ичинде алдамчылык үчүн кармалганын айткан.

Медер Саккараев — 49 жашта, «Шумкар» күзөт агенттигинин жетекчиси.

Мирлан Самыйкожо — 37 жашта, Самыйкожо акын жана журналист. Ал КТРКда иштеген жана октябрь окуялары учурунда башкы директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Улан Бакасов — 37 жашта, нарындык бизнесмен жана меценат катары белгилүү. 2020-жылы парламенттик шайлоого бийликчил «Биримдик» партиясынан 6-катарда барган.

Арстанбек Малиев — 64 жашта, «Аалам» партиясынын лидери. Ал 2017, 2021-жылдагы президенттик шайлоолорго катышкан, андан сырткары 2011-жылы катышуу документтерин өткөргөн. БШКда Малиев чет ѳлкѳлѳр менен достук жана кызматташтык боюнча кыргыз коому бирлигинин президенти катары көрсөтүлгөн.

Акылбек Түмөнбаев — 49 жашта, президент Садыр Жапаровдун эжеси Акат Жапарованын жолдошу Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Акылбек Түмөнбаев ИИМ жана Салык кызматында иштеген. 2001-жылы ал каржы полициясында иштеп баштаган, 2016-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болгон.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышкан.

Максат Сарыбашев — 36 жашта, Ысык-Көл районунун акими болгон.