Президент Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын өзгөрттү

АИКтин 16-ноябрдагы отуруму. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Өлкө башчы Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин (АИК) курамына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 6-декабрда билдирди.

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамынан төмөнкүлөр чыгарылды:

  • Айтен Рустамова — Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия боюнча аймактык директору;
  • Габриэла Геллил — Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси;
  • Оливье Бангертер — Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси;
  • Фред Хьюстон — АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин «Укук булагы» долбоорунун директору.

Ал эми Жапаровдун жарлыгы менен АИКтин курамына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев энергетика министри Доскул Бекмурзаев, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков жана Евразия өнүктүрүү банкынын директору Нурлан Акматов кирди.

АИКтин маалыматына ылайык, эки элчи — Габриэла Геллил жана Оливье Бангертер «өздөрүнүн мандаттары боюнча» кеңештин мүчөлөрү боло алышпайт.

Ал эми Антикоррупциялык ишкердик кеңеште ЕРӨБтүн кызыкчылыктарын бизнес-омбудсмен Робин Орд Смит жактайт. Мындан улам Айтен Рустамова АИКтин курамынан чыгарылды.

Ошол эле кезде кеңеште байкоочу катары Евробиримдиктин Кыргызстандагы башчысы Эдуард Ауэр жана USAID’дин жетекчиси Кит Симонс бар экени белгиленди.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш деген эмне?

Мекеме үстүбүздөгү жылдын июль айында түзүлүп, аны Нуруйпа Муканова жетектеп баштаган. Муканова экономиканын ар башка секторлорунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча адис, Кыргызстандын антикоррупциялык органдарында иштеп келе жатканына 10 жылдан ашты.

Расмий маалыматка ылайык, Антикоррупциялык ишкердик кеңеш «коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу» үчүн кызмат кылат.

Жаңы түзүлгөн мамлекеттик орган «коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү», «бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү», «инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуунун» үстүндө иш алып барып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөлөрүн Жапаров өзү тандайт — АИКтин башкатчысы