Өзгөн: 3 жашар баланы сабап өлтүргөн өспүрүм 4,5 жылга кесилди

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Өзгөн райондук соту үч жашар наристени сабап, андан кийин башына таш менен чаап өлтүргөн 15 жаштагы өспүрүмдү 4,5 жылга эркинен ажыратты. Өкүм Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 17-январында болгон. Аталган күнү Кара-Дарыя айылынын талаасында үч жашар баланын сөөгү табылган.

Өзгөн РИИБи тергөөнү баштап, шектүү катары 9-класстын окуучу кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө маркум аны «уят сөздөр менен сөккөндөн улам жана аны ээрчип алгандыктан» ушул ишке барганын айтып берген.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөнү мойнуна алган. Анын айтымында, ошол күнү маркум анын карындашы менен ойногону келген. Кийин айыпталуучу үйдөн чыгып бара жатса, «кал» деп айтса укпастан аны менен ойногусу келгенин айтып ээрчип алганын белгилеген.

«[Айыпталуучу] талаага бара тургандыгын айтса дагы [бала] ээрчип, талаанын жолунда дөңсөө жерге барганда наристени бир жолу тээп, ага “иттер бар, үйүңө кет” десе ал сөгүнүп туруп алган. Маркумду кайра тепкен учурда жерге жыгылып, кийин өзүн билбей таш менен анын башына уруп жиберген. Өспүрүм коркуп кетип, аны таштап кетип калган», — деп берилет өкүмдө айыпталуучунун көрсөтмөлөрү.

Ал эми соттолуучу үйүнө жеткенде наристенин туугандары ал жоголуп кетип, аны издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан. Өспүрүм наристени таап, таенесине көтөрүп алып келип берген. Андан кийин наристе ооруканага жеткирилген. Айыпталуучунун айтымында, ошол кезде жаша бала тирүү болгон.

Жаш баланын таенеси небереси «бети көкмөк, көздөрү шишип, бир жак бети сыйрылган» абалда табылганын айтып берген. Ал эми алар ооруканага барганда, бала каза болуп калганы аныкталган.

Арадан бир ай өтүп милиция айыпталуучуну кармап, тергөө абагына киргизген. Ал кезде өспүрүм 14 жашта болгон. Ага милиция «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон, бирок кийинчерээк берене жеңилдетилген.

Сот өспүрүмдү «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен күнөөлүү деп тапты.