«Башын таш менен жанчыган». Милиция Өзгөндө 3 жашар баланы өлтүргөн өспүрүмдү кармады

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Дарыя айылында 3 жашар бала 15 жаштагы өспүрүм тарабынан өлтүрүлгөнү аныкталды. Ош ОИИБдин маалыматына ылайык, аймактык оорукана тарабынан милицияга 3 жашар бала денесинен жараат алып, чарчап калганы тууралуу маалымат келген. Андан соң баланын өлүмүндө кылмыштын курамы байкалгандыктан милиция тарабынан күбөлөр суракка алынган.

Күбөлөр жаш баланы белгисиз унаанын айдоочусу сүзүп кетип, ал өлгөндөн кийин талаага таштап кеткенин айтышкан. Анткен менен ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө наристе киши колдуу болгону аныкталган.

Окуя 17-январда орун алган. Кылмышка шектүү катары кармалган тургун жасагандарын моюндап, жактоочунун жана мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда окуя кандай болгонун айтып берген.

«Маркум уят сөз менен сөккөндүктөн кыжыры келген 15 жаштагы өспүрүм талаага анын өмүрүн кыюу максатында ээрчитип барган. Эч ким көрбөгөн теректердин арасына алып кирип, бетке муштаганда ал эс-учун жоготуп жатып калган. Андан кийин жерден таш алып, башка чаап, камыштын арасына ыргытып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен», — деп билдирди Ош ОИИБден.

Мындан сырткары, милициядан шектүү Өзгөн шаарындагы мектептердин биринде 9-класста окуй турганын жана үч бир туугандын улуусу экенин кошумчалады. Аталган факт «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары улантылууда. Ал эми кармалган шектүү Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин 2019-жылдын январында эки жашар бала жеңеси тарабынан сабалып каза болгон. Кармалган шектүү өз көрсөтмөсүндө наристе шымына сийип койгондуктан урганын айткан. Муну жолдошу да тастыктап, аялы тарбиялоо үчүн кээде кол кѳтѳрүп жүргөнүн билдирген. Бул факт «ден соолукка оор залал келтирүү менен өлүмгө дуушар кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, Ош шаарында 11-февралда эки окуучуну бычактоого шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалган. Жабырлануучуларды бири көп кан кеткендиктен ооруканада каза болуп, экинчисине операция жасалган. Кармалган шектүү жасаган кылмышын мойнуна алып, мындай кадамга жабыр тарткан балдар менен айтыша кеткендиктен барганын айтып берген.