Акылбек Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы төрага Акылбек Жапаров Казакстандын биринчи президенти — эл башы Нурсултан Назарбаев менен жолукканын билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров Назарбаев менен эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулады. Анда соода-экономика тармактагына өзгөчө басым жасалып, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү кеңейтүү маселеси каралды.

Аны менен катар, Минкабдын көрагасы Нурсултан Назарбаев менен казак элин Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо сөзүн айтты.

Ал эми Казакстандын тунгуч президенти Назарбаев, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер бир туугандык менен коңшулук принциптерге таянарын белгиледи.

Акылбек Жапаров 7-декабрда иш сапар менен Казакстандын борбору Нур-Султанга барган. Ал 8-декабрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт-Токаев жана өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолуккан.

Иш сапардын алкагында Кыргызстанда дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү, 2022-2024-жылдарга «Алматы-Бишкек» Экономикалык коридорунун референс лабораторияларын өнүктүрүү, Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздоого аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү жана «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол өткөрүү пункттарында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча макулдашууларга кол коюлган.

Тема боюнча:

Декларация 2019-2020: Акылбек Жапаров эки жылда 1,7 млн сом киреше тапкан