Декларация 2019-2020: Акылбек Жапаров эки жылда 1,7 млн сом киреше тапкан

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин жана саясатчылардын 2019 жана 2020-жылга карата кирешелери тууралуу декларацияларын жарыялады.

Алсак, 2019-жылга карата декларацияга ылайык, Акылбек Жапаров 912 миң сом, анын жакын туугандары 24 млн сом киреше табышкан. Бирок декларацияда Жапаров жана анын туугандары бир жылда канча акча короткону көрсөтүлгөн эмес.

*Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2019 жана 2020-жылдарга карата декларациясын 2021-жылдын 1-ноябрына чейин жарыялоону убада кылган болчу. Салык кызматынан «Клоопко» маалыматтарды колго талдап жатышканын, ошондуктан жарыялоого жетишпей калганын айтышты.

2020-жылы Жапаров депутаты болуп турганында 815 миң сом таап, аянты 77 чарчы метр батирге ээлик кылган. Декларацияда 2020-жылы Жапаров канча акча короткону да көрсөтүлгөн эмес.

Минкабдын төрагасынын жакын туугандары 2020-жылы 96 млн 745 миң сом киреше табышкан. Алардын кыймылсыз мүлк бөлүгүндө 22ден 1 миң чарчы метрге чейинки аянтты тзгн ар башка беш контейнер көрсөтүлгөн.

Жапаровдун туугандарынын Mercedes-Benz үлгүсүндөгү ар кандай 7 унаасы бар.

Акылбек Жапаров 2021-жылдын октябрында минкабдын жаңы төрагасы болуп шайланган. Жапаров мамлекеттик кызматка 28 жыл мурда Акаевдин убагында келген. Бул жылдар аралыгында ал Кыргызстандын бардык президенттери менен иштешкенге үлгүргөн.