COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болуп, 66 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 9-декабрга карата коронавирустан эки адам каза болду, илдеттен 74 адам айыкты. Жуктуруунун 66 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 41;
  • Чүй облусунда — 16;
  • Ысык-Көл облусунда — 5;
  • Ош шаарында — 2;
  • Ош облусунда — 1;
  • Баткен облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 810го жетти. Ал эми өлкө боюнча 178 851 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 764 адам көз жумду.

Учурда 365 бейтап ооруканада, ал эми 347 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 9-декабрга карата 9 166 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 511 адам биринчи дозасын, ал эми 5 655 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.