Садыр Жапаров: Колдонуудагы мыйзамдар коррупцияга каршы күрөштө натыйжа бербей жатат

Президенттин басма сөз кызматы 9-декабрда Садыр Жапаровдун Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуусун таратты. Анда Жапаров колдонуудагы мыйзамда коррупцияга каршы күрөшүү механизмдери «толук жөнгө салынган эмес», «иретсиз» деп белгилеген.

Президенттин айтымында, аларда мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги так белгиленген эмес.

«Колдонуудагы мыйзамдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралары менен аракеттенүү тартиби толук жөнгө салынбай, мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги так белгиленген эмес, дал ошондуктан жемкорлорго каршы жүргүзгөн күрөшүбүз натыйжа бербей жатат», —деп эсептейт Жапаров.

Өлкө башчысы Башкы прокуратурага «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу тапшырылганын кошумчалады. Президент ал документ учурдун жана дүйнөдөгү заманбап талаптарга жооп бериши керек экенин белгиледи.

Мыйзам долбоорун «талкулоо жана кабыл алуу» 2022-жылдын башына пландалып жатат.

«Биз өлкөдөгү жемкорлукту жоюу саясатына зор маани берип, сөзсүз ишибиздин өтөөсүнө чыгабыз. Өлкөнүн өнүгүүсүнө залакасын тийгизип жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоого саясий эрк жетиштүү! Биздин бул жааттагы иш-аракеттерибиз элибиздин жашоо-турмушунун сапатын көтөрүүгө, мамлекеттик аппараттын ишин жакшыртууга, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу сарптоого багытталат», —деп билдирди Жапаров.

Тема боюнча: «Карга карганын көзүн чукубайт». Аткаминерлер кылмыш жообунан кантип качып кутулат