Акыркы суткада коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 10-декабрга карата коронавирустан эки адам каза болду, илдеттен 54 адам айыкты. Жуктуруунун 53 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаарында — 25;
  • Чүй облусунда — 15;
  • Жалал-Абад облусунда — 4;
  • Баткен облусунда — 4;
  • Ысык-Көл облусунда — 3
  • Ош облусунда — 2.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 863кө жетти. Ал эми өлкө боюнча 178 905 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 766 адам көз жумду.

Учурда 363 бейтап ооруканада, ал эми 346 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 10-декабрга карата 9 198 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 515 адам биринчи дозасын, ал эми 4 683 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.