Коррупциялашкан органдардын сап башында турган Бажы кызматында жемкорлукка каршы флешмоб өттү

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, эң эле коррупциялашкан орган, бажы кызматы «Биз коррупцияга каршыбыз» атту флешмоб өткөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) билдирди.

Ведомстводон белгилешкендей, майрамдык флешмоб 9-декабрда Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн.

«Иш-чаранын алкагында МБКнын Борбордук аппаратында, ошондой эле бажы органдарында “Биз коррупцияга каршыбыз!”, “Коррупция — токто” чакырыктары менен баннерлер илинди, ошондой эле МБКнын өздүк курамы менен тематикалык фотосессия өттү», — деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.

Бажыдагы коррупция

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата кыргызстандыктар Мамлекеттик бажы кызматын эң эле коррупциялашкан ведомство деп баа беришкен.

*Кошумча: Мамлекеттик органдардагы коррупция -100дөн +100гө чейинки балл менен эсептелген.

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, бажыдагы коррупциянын деңгээли -16 көрсөткүчүнө бааланган. 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата сурамжылоо боюнча дагы бажы кызматы эң төмөн рейтингге ээ болгон. Анда кыргызстандыктар ведомствонун коррупциялашканын -15,4 баллга баалашкан.

Бажы кызматы коррупциялык жаңжалдарга бир нече жолу катышканы айтылган, алардын бирөөсү бажы башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго байланыштуу. Ал тууралуу OCCRP, «Азаттык» радиосу жана «Клооптун» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөдө Матраимовдун Кытайдан Кыргызстан аркылуу Орусияга жана Борбор Азияга алып барган көмүскө карго империясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен байланышы тууралуу айтылат.

2019-жылдын ноябрь айында киши колдуу болгон журналисттердин маалыматчысы Айеркен Саймаити Абдукадырдын 700 млн доллардан ашык акчасын адалдаштырууга жардам бергенин мойнуна алып, көмүскө бизнестин иштеп турушун мүмкүн кылган бажыдагы коррупцияны Матраимов калкалап турганын билдирген.

Мындан иышкары, иликтөөдө Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова Абдукадырдын үй-бүлөсү менен биргеликте Дубайдагы курулуш долбооруна кандайча инвестор болуп кошулуп калганы тууралуу айтылган.

Матраимов деген ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШ Матраимов менен анын жубайын «Магнитский тизмесине» киргизген.

11-февралда Бишкекте Райымбек Матраимовдун иши боюнча сот отуруму өтүп, ал күнөөлүү деп табылган. Бирок сот ага 260 миң сом айып салып, андан соң эсептерин камактан чыгарган. Сот мындай чечимди Матраимов тергөө менен кызматташууга барып, мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсепке 2 млрд сом — 1,4 млрд сом акчалай, 600 млн кыймылсыз мүлк түрүндө төгүп бергендиктен кабыл алган.

Андан соң 18-февралда УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу жаңы иштин алкагында кармаган. Анда ал эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Эми ал кылмыш иши кыскартылды.