УКМК: Жашы жете элек балдарды баңгизат саттырган туруктуу каналга бөгөт коюлду

УКМКнын басма сөз кызматы 10-декабрда жашы жете элек балдардын катышуусунда синтетикалык баңгизаттарды тараткан каналдын ишине бөгөт коюлганын кабарлады.

Ведомствонун маалыматына караганда, маңзат таратуунун туруктуу каналы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында иштеген. Кылмыштын уюштуруучулары чет мамлекеттердин биринде туруп кыргызстандык өспүрүмдөргө көрсөтмө берип турган.

«Балдар чет өлкөлүк кураторлордун көрсөтмөсү менен ар кандай коомдук жайларда, парк, аянттар жана бак-дарактарга баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясын катып жүрүшкөн. Каалаган адам электрондук капчык же банктык которуулар аркылуу алдын ала төлөө жолу менен баңгизаттардын координаттары тууралуу толук маалыматты алышкан», — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Андан тышкары, УКМК мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосунда жеке байланыш болбогонун белгиледи. Кылмыштуу топ алыскы байланыш каражаттарын, жашынма жерлерди колдонгонуна карабастан мыйзамсыз аракеттин бети ачылган.

Ведомствонун маалыматына ылайык, топтолгон материалдар «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен КЖБРге катталды.

«Баңгизат таратуучу каналдын чет элдик уюштуруучуларына карата ошол мамлекеттин компетенттүү органдары менен ыкчам-издөө иштерин баштоо демилгеленет. Ал эми Кыргызстанда баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкандар 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартылат», — деп эскертти атайын кызмат.

Алмага жашырылган баңгизат

Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында ИИМдин басма сөз кызматы 10 килограмм «метамфетамин» баңгизаты салынган оор жүк ташуучу унаа кармалгандыгын кабарлаган.

Ведомство белгилегендей, маңзат салынган фура эл аралык баңгизат ташуучу топ менен күрөшүүгө багытталган атайын операциянын алкагында кармалган. Унаа Бишкектеги бажы терминалынын аймагында табылган.

ИИМдин маалыматына караганда, фура Иран — Түркмөнстан — Өзбекстан — Казакстан — Кыргызстан багыты боюнча жол жүргөн.

«Алма салынган жашиктердин айрымдарынан пенопласттан жасалган 147 алма табылып, алардын ичинде ак түстөгү зат салынган полиэтилен баштыктар чыккан», — деп билдирген анда ИИМ.

Кармалган унаанын айдоочусу Өзбекстандын жараны болуп чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган баңгизаттын баасы 531 миң АКШ долларын түзөрү айтылган.